Жүк ташуу

23.1. Ташылуучу жүктүн массасы жана жүктү бардык остор боюнча бөлүштүрүү бул транспорт каражатын чыгарган ишкана ал үчүн белгилеген чоңдуктан ашууга тийиш эмес.

23.2. Кыймылды баштаар алдында жана жүрүп баратканда айдоочу жүктү түшүп калышын, кыймылга тоскоолдук түзүлүшүн четтетүү үчүн анын жайгашуусуна, бекитилишине жана абалына контролдук кылууга тийиш.

23.3. Жүктү ал:

айдоочунун айлананы көрүшүн чектебеген;

башкарууну татаалдантпаган жана транспорт каражатынын туруктуулугун бузбаган;

тышкы жарык приборлорун жана жарыкты чагылдыргычтарды, каттоо жана таануу белгилерин жаппаган, ошондой эле кол менен берилүүчү сигналдарды кабылдоого тоскоолдук кылбаган;

ызы-чуу кылбаган, жолду жана курчап турган чөйрөнү чаңдатпаган, булгабаган учурда ташууга жол берилет.

Эгерде жүктүн абалы жана жайгашуусу көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырбаса, айдоочу ташуунун саналып өткөн эрежелеринин бузулушун четтетүү үчүн чара көрүүгө же андан аркы кыймылды токтотууга милдеттүү.

23.4. Транспорт каражатынын габаритинен алдынан же артынан 1 метрден ашык же капталынан габарит жарыгынын тышкы четинен 0,4 метрден ашык чыгып турган жүк "Ири габариттүү жүк" деген таануу белгиси менен, ал эми түнкүсүн жана айлана начар көрүнгөн шартта андан тышкары алдынан - ак түстөгү фонарь же жарык чагылдыргыч менен, артынан кызыл түстөгү фонарь же жарык чагылдыргыч менен белгиленүүгө тийиш.

23.5. Өтө оор жана коркунучтуу жүктөрдү, зыянсыздандырылбаган идиштерди ташуу, габариттик параметрлери жүгү менен же жүгү жок туурасы боюнча 2,5 метрден, бийиктиги жүрүүчү бөлүктөн 4 метр, узундугу (бир чиркегичти кошкондо) 20 метрден ашкан, же транспорт каражатынын габаритинин арткы учунан 2 метрден ашык чыгып турган жүгү бар транспорт каражаттарынын кыймылы, эки жана андан ашык чиркегичи бар автопоезддердин кыймылы атайын эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

23.6. Жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө тоскоолдук кылган, ошондой эле запас эшиктерди жаан турган жүктөрдү, кол жүктөрдү автобустун, микроавтобустардын салонунда ташууга тыюу салынат.