Жалпы жоболор

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136, 2012-жылдын 28-майындагы N 329, 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656, 2015-жылдын 20-октябрындагы № 714, 2016-жылдын 16-январындагы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелер.

Эл аралык Концепциялардын жол кыймылы жана жол белгилери менен сигналдары жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ.

 

  1. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежелери(*) (мындан ары - Эрежелер) айрыкча мүнөздүү жол кырдаалдарында көп жылдык практиканын негизинде иштелип чыккан жол кыймылына катышуучулардын жүрүм-турумдарынын комплекстүү чагылдырылышы.

Эрежелердин максаты - кургак жердеги транспорт жана жол кыймылынын башка катышуучулары жолдорду пайдалануусунун бирдей тартибин белгилөө.

Бул Эрежелер жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын жана ички иштер органдарынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагында атайын контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин өз ара мамилелерин белгилейт. Жол кыймылына тиешелүү башка нормативдик укуктук актылар ушул Эрежелердин талаптарына негизделүүгө жана аларга каршы келбөөгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1.2. Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

 

"Автомагистраль" - автотранспорт каражаттардын ылдам жүрүшү үчүн арналган, ар бир багыт үчүн экиден кем эмес жүрүү тилкеси бар, бири-биринен бөлүүчү тилке менен (ал жок болсо - жолдун тосмосу менен) ажыратылган, башка жолдор менен, темир жол же трамвай жолдор, жөөлөр үчүн же велосипед үчүн жолдор менен бир деңгээлде кесилишпеген, 5.1(**) белги менен белгиленген, өткөрүүгө жарактуулугу жогорку жол.

 

"Авариялык кырдаал" - жол кыймылынын учурунда жол кыймылына катышуучулардын аракеттери же аракетсиздиги жол-транспорт кырсыгы болуу коркунучун жараткан кырдаал.

 

"Автопоезд" - чиркегич (чиркегичтер) чиркелген механикалык транспорт каражат.

 

"Жол кыймылынын коопсуздугу" - жол кыймылына катышуучулардын жана мамлекеттин жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен корголуу даражасын чагылдыруучу жол кыймылынын абалы.

 

"Коопсуз дистанция" - ошол эле тилкеде алдыда бараткан транспорт каражатка чейинки, ал капыстан тормоз берген же токтогон учурда артта келаткан транспорт каражаттын айдоочусуна капыстан катуу тормоз бербестен сүзүшүүнү болтурбоого мүмкүндүк берчү аралык.

 

"Коопсуз интервал" - жүрүп бараткан транспорт каражаттардын же алар менен башка объекттердин капталдарынын арасындагы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу аралык.

 

"Коопсуз ылдамдык" - айдоочу транспорт каражатты коопсуз башкарууга жана конкреттүү жол шарттарында анын кыймылын контролдоого мүмкүндүк алуучу ылдамдык.

 

"Буксирлөө" - бир транспорт каражат менен экинчи транспорт каражатты катуу же ийилчээк илгич менен же бир бөлүгүн платформага же атайын таяныч түзүлүшкө жүктөө жолу менен сүйрөө, бул транспорттук составдарды эксплуатациялоого кирбейт.

 

"Велосипед" - майыптар коляскаларынан тышкары эки же андан ашык дөңгөлөгү бар жана анда отурган адамдын кара күчү менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

 

"Көрүнөөлүк" - айдоочунун ордунан жолдун элементтеринин чектерин жана жүрүүгө катышуучулардын орундарын даана көрүүгө болуучу максимум аралык, бул айдоочуга транспорт каражатты башкаруу учурунда коопсуз ылдамдыкты тандоо жана коопсуз маневр жасоо үчүн ориентир алууга мүмкүндүк берет.

 

"Айдоочу" - кандайдыр-бир транспортту башкарган адам, жүк жүктөлүүчү, мингич жана башка малды айдап бараткан адам. Айдоону үйрөтүп жаткан адам да айдоочуга теңештирилет.

 

"Аргасыздан токтоо" - транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушунан же ташылып бараткан жүк келтирген коркунучтан, айдоочунун (жүргүнчүнүн) абалынын начарлоосунан же жолдо тоскоолдук пайда болушунан улам кыймылдын токтотулушу.

 

"Транспорт каражатынын ээси" - балансында транспорт каражаты бар юридикалык жак болуп саналган уюм же транспорт каражатына менчик укугу бар адам.

 

"Башкы жол" - кесип өткөн (кошулган) жолго карата 2.1, 2.3.1. - 2.3.3. же 5.1. белгилери менен көрсөтүлгөн жол же топурак жолго салыштырмалуу катуу кыртыштуу (асфальт жана цемент-бетон, таш материалдар жана ушул сыяктуулар менен капталган) жол же жамаатташ аймактардан чыккан жолдорго карата ар кандай жол. Кесилишке жакын жердеги экинчи даражадагы жолдун капталган кыртышы бар болушу аны мааниси боюнча кесилишип жаткан жолго карата теңдеш кылбайт.

 

"Араба (чана)" - жаныбарлар чегилип кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

 

"Тоодогу жолдор" - жүрүүнүн коопсуздугуна таасир этүүчү техникалык мүнөздөмөлөрү: деңиз деңгээлинен орчундуу бийиктиги, тик өйдөлүштөрү, чукул радиустагы бурулуштары, серпантини, горизонталь участоктордун кыскалыгы, бүтөлүп калуу, суу жеп кетүү, таш кулоо, кар көчкү жүрүшү мүмкүндүгү, жолго жакын жарлар ж.б.у.с; аба ырайынын шарты тез өзгөрүшү менен түз жердеги жолдордон айырмаланган жолдор.

 

"Жүк ташуучу автомобиль" - конструкциясы жана жабдылышы боюнча жүктөрдү ташууга арналган автомобиль.

 

"Кызмат адамдары" - өздөрүнө кызматтан көз каранды эмес адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча тескөө укуктарын жүзөгө ашырган же мыйзамдарда белгиленген тартипте буга укуктуу болгон адамдар, ошондой эле мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же администрациялык-чарбалык функцияларды аткарган адамдар.

 

"Жол" - ылайыкташтырылган же ыңгайлаштырылган жана транспорт каражатынын кыймылы үчүн пайдаланылуучу жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүңкү бети. Жол өзүнө бир же бир нече жүрүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле трамвай жолдорун, жөө адамдар басуучу жолду, жол жээгин жана тилкелер болгон учурда аларды бөлүштүрүүчү сызыктарды камтыйт.

 

"Жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол кыймылынын процессинде жана анын катышуусу менен келип чыккан, адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, транспорт каражатынын, жүктүн, курулуштун бузулушуна же материалдык зыянга алып келген окуя.

 

"Жол кыймылы" - жолдордун бетинде транспорт каражаттардын жардамы менен же аларсыз адамдарды жана жүктөрдү ташуу процессинде болуучу коомдук мамилелердин жыйындысы.

 

"Жолдогу кырдаал" - жолдун шарттары, жолдун тийиштүү участогунда тоскоолдуктардын болушу, жол кыймылынын ургаалдуулугу жана уюштурулуш деңгээли (жол бетиндеги чийиндердин, жол белгилеринин, жолдук жабдуулардын, светофорлордун болушу жана алардын абалы) менен мүнөздөлүүчү факторлордун жыйындысы, айдоочу ылдамдыкты, жүрүү тилкесин жана транспорт каражатты башкаруу ыкмасын тандоодо ушуларды эске алууга тийиш.

 

"Темир жол өткөөлү" - жолдун темир жол менен бир деңгээлде кесилишкен жери.

 

"Турак жай зона" - калктуу конуштагы 5.38 жана 5.39. белгилер менен белгиленген аймак.

 

"Жасалма курулмалар" - жолдор дарыялар, жарлар, тоо кыркалары, жолдор жана башка тоскоолдуктар менен кесилишкенде жасалчу, кардан, кулоолордон тосуучу курулмалар. Автомобиль жолдорундагы негизги жасалма курулмалар: көпүрөлөр, кабат жолдор, тоннелдер, эстакадалар, түтүктөр, сууну агызуучу түзүлүштөр, галереялар, тирөөч дубалдар ж.б.

 

"Транспорт жүрүүчү бөлүктүн чети" - жол бетиндеги чийин менен, эгер ал жок болсо - жол бетинин четин бойлото, ошондой эле жүрүүчү бөлүк трамвай жолу менен кошулган жерде шарттуу линия менен аныкталат. Жол бетинин чекесин аныктоого мүмкүн эмес болсо, анын ичинде жол шарттары боюнча да аныктоого болбосо, жүрүүчү бөлүктүн четин айдоочу өзү тапталган тилкенин чети боюнча аныктайт.

 

"Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал" - транспорт каражаттын жүрүүчү бөлүктүн четинен жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге карата абалы, бул удаалаш бараткан транспорт каражатка (анын ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражатка) жүрүүчү бөлүктүн четине, жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге андан да жакыныраак жүрүүгө мүмкүндүк бербейт.

 

"Жеңил автомобиль" - уруксат берилген салмагы 3500 (үч миң беш жүз) кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары отуруучу орундардын саны сегизден ашпаган, конструкциясы жана жабдылышы боюнча зарыл ыңгайды жана коопсуздукту камсыздоо менен жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн ташууга арналган транспорт каражат.

 

"Маневр жасоо" - транспорт каражаттын жүрүп башташы, токтошу, аялдамасы, бурулушу (кайрылышы), орун которуусу, тормоз бериши жана артка жүрүшү.

 

"Маршруттук транспорт каражат" - жолдор аркылуу адамдарды ташууга арналган жана белгиленген токтоочу пункттары (аялдамасы) бар белгиленген багыт боюнча жүргөн жалпы пайдалануудагы транспорт каражат (автобус, троллейбус, трамвай, маршруттук такси).

 

"Көпүрө" - дарыя, жар же башка тоскоолдуктар аркылуу өтүүгө арналган курулма, анын чектери өткөрүүчү курулмалардын башталышы жана аягы болуп эсептелет.

 

"Механикалык транспорт каражат" - мопедден тышкары кыймылдаткыч менен жүрүүчү транспорт каражаты. Термин ошондой эле ар кандай тракторлорго жана өзү жүрүүчү машиналарга жайылтылат.

 

"Мопед" - 50 куб.см ашпаган жумуш көлөмүндөгү кыймылдаткыч менен жүрүүчү жана эң жогорку конструкциялык ылдамдыгы саатына 50 километрден ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Орнотулуучу кыймылдаткычы бар велосипеддер жана ушундай мүнөздөмөсү бар башка транспорт каражаттары мопедге теңештирилет.

 

"Мотоцикл" - капталында чиркегичи бар же анысы жок болгон эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражат. Жүктөлгөн абалда салмагы 400 килограммдан ашпаган үч же төрт дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаттары мотоциклдерге теңештирилет.

 

"Калктуу конуш" - курулуштары бар аймак, ага кире бериште жана андан чыккан жолдор 5.22 - 5.25 белгилери менен көрсөтүлгөн.

 

"Начар көрүнүү" - туманда, жамгыр, кар жааганда жана ушуга окшош шарттарда, ошондой эле күүгүмдө алдыдагы жолдун 300 м нары көрүнбөшү.

 

"Уюшулган жөө колонна" - жол боюнча чогуу бир багытта бараткан, Эрежелердин 4.2-пунктуна ылайык белгиленген адамдардын тобу.

 

"Токтоо" - транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөткө чейинки убакытка токтотуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү үчүн, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү зарыл болгондо андан узак убакытта атайылап токтотуу.

 

"Кулоо" - тик беттерден таштардын, шагылдын жана асканын чоң бөлүктөрүнүн кулап түшүүсү.

 

"Ашып өтүү" - жүрүп бараткан бир же бир нече транспорт каражатты башка транспорт каражаттын ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде утурлаш тилкеге чыгуу менен кууп өтүшү.

 

"Жолдун чети" - жолдун жүрүүчү бөлүккө туташ, аны менен бир деңгээлдеги, бетинин капталышы боюнча айырмаланган же 1.2.1. чийин менен бөлүнгөн элементи. Жолдун чети транспорт каражаттарды токтотуу жана аялдамасы, жөө адамдардын, мопеддердин, велосипеддердин (тротуарлар, велосипед жолдору жок же алар боюнча жүрүү мүмкүн эмес болгон учурда), арабалар (чаналар) жүрүшү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

 

"Көрүүнүн чектелиши" - бараткан багыттагы жолдо көрүүнүн жолдун геометриялык параметрлери, жол боюндагы инженердик курулмалар, өсүмдүктөр жана башка объекттер, ошондой эле транспорт каражаттар менен чектелген көрүнүшү.

 

"Опурталдуу жүк" - касиеттерине байланыштуу ташууда адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтириши, табигый чөйрөгө зыян келтириши, материалдык баалуулуктарды бузушу же жок кылышы мүмкүн болгон заттар, алардан жасалган нерселер, өндүрүштүк же чарбалык иштин калдыктары.

 

"Жүрүүдөгү коркунуч" - жол кыймылынын процессинде пайда болуп, ошол багытта ошол ылдамдык менен жүрүүнү андан ары улантуу жол-транспорт кырсыгы чыгышына опурталдуу болгон кырдаал.

 

"Озуу" - транспорт каражаттын жанаша тилкелер боюнча удаалаш бараткан транспорт каражаттардын ылдамдыгынан ашык ылдамдык менен жүрүшү.

 

"Жол кыймылын уюштуруу" - жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруучу-техникалык жана тескөөчү иш-чаралардын комплекси.

 

"Уюшулган транспорттук колонна" - жаркылдаган көк түстөгү же айкалышкан көк жана кызыл түстөгү атайын өчүп-күйгөн жарыгы бар эң алдыдагы транспорт каражатынын коштоосунда дайыма күйгүзүлгөн жарыктары менен бир гана тилкеде биринин артынан бири бараткан үч же андан ашык механикалык транспорт каражаттарынын тобу.

 

"Көрбөй калуу" - көзгө жарыктын тийишинен улам айдоочу минимум аралыктагы жол элементтерин көрүүгө же айырмалап таанууга мүмкүнчүлүгү болбой калган физиологиялык абал.

 

"Кесилиш" - жолдор бир деңгээлде кесилишкен, кошулган же айрылышкан, элестетип боолголонгон сызыктар менен чектелип, жолдордун кесилишинин борборунан кыйла алыс турган карама-каршы жактарда жайгашкан бурулуштардын башталыштарын бириктирип турган жол кесилиши. Жол боюндагы аймактардан кошулган жолдор кесилиш деп аталбайт.

 

"Жөө адам" - транспорт каражатында болбогон жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын кыймылдаткычы жок коляскасында бараткандар, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелегендер, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн адамдар жөө адамдарга теңештирилет.

 

"Жөө адам өткөөлү" - 5.16.1, 5.16.2 белгилери жана (же) 1.14.1-1.14.3(***) чийини менен белгиленген жана жөө адамдар жолдон өтүшү айырмаланып көрсөтүлгөн жол бөлүгү. Чийин жок болгон учурда жөө адамдын өткөөлүнүн туурасы 5.16.1 жана 5.16.2 белгилеринин ортосундагы аралык менен аныкталат.

 

"Кыймыл тилкеси" - жолдун узатасынан кеткен тилкелеринин ар бири, алар чийин менен белгиленет же белгиленбейт жана туурасы автомобилдердин бир катар кыймылы үчүн жетиштүү болот.

 

"Артыкчылык (приоритет)" - жол кыймылынын башка катышуучуларына караганда белгиленген багытта биринчи кезекте өтүү укугу.

 

"Жанаша аймак" - түздөн-түз жол боюнда жайгашкан жана транспорт каражаттары кесип өтүшүнө арналбаган аймак (короолор, турак-жай массивдери, автомобиль токтоп туруучу жай, автомобилге май куюучу станция (АЗС), ишканалар жана башкалар).

 

"Чиркегич" - кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында жүрүүгө арналган транспорт каражаты. Бул термин жарым-жартылай жүктөлүүчү жана өзүнчө сүйрөлүүчү чиркегичтерге да колдонулат.

 

"Жүрүүчү бөлүк" - рельсте жүрбөөчү транспорт каражаттар жүрүшү үчүн арналган жолдун бөлүгү.

 

"Жүргүнчү" - транспорт каражаттагы айдоочудан башка адам, ошондой эле транспорт каражатка кирген (отурган) же транспорт каражаттан чыгып (түшүп) жаткан адам.

 

"Жолдордун кесилиши" - автомобилдик жолдордун тоому, анда бири-бирине кошулган жолдор үзүлүп калбайт жана алардын ар бири боюнча аралап өтүү мүмкүндүгү бар.

 

"Башка катарга өтүү" - бараткан багытты өзгөртпөстөн ээлеп турган тилкеден же катардан чыгуу.

 

"Үйлөтмө коопсуздук жаздыгы" - жол-транспорт кырсыгы болгон учурда айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү сактап калуучу түзүлүш, ал катуу токтогондо баллондон же генератордон келүүчү газ менен бат толтурулчу атайын каптан турат.

 

"Жүрүүгө тоскоол" - жүрүүчү бөлүктүн ошол тилкеси же жолдун бүткүл бети боюнча андан ары жүрүүнү кыйындаткан же такыр мүмкүндүк бербеген ар кандай материалдык объект.

 

"Авариядан сактануучу бурулуш" - тик ылдый түшкөндө транспорт каражаттын тормоздук түзүлүштөрү иштебей калган учурда жүрүүгө тоскоолдук (өйдөлүш) жаратуу менен транспорт каражатты мажбурлап токтотууга арналган, бети жумшак материал (кум, шагыл) менен капталган, жолдон чыга берме туюк участок.

 

"Өткөөл жолдор" - башка жол (темир жол) менен кесилишкен жерде ал боюнча ар кыл деңгээлдерде жүрүүнү камсыздоочу жана башка жолго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү, көпүрө тибиндеги инженердик курулма.

 

"Ажыратуучу тилке" - жолдун конструкциясынын бөлүнгөн элементи, ал чектеш карама-каршы жүрүүчү бөлүктөрдү ажыратып турат жана ал рельс менен жүрбөгөн транспорт каражаттары менен жөө адамдардын кыймылы жана токтоп турушу үчүн арналган эмес.

 

"Уруксат берилген максимум масса" - жүк, айдоочу жана жүргүнчүлөр жүктөлгөн транспорт каражатынын массасы, аны максималдуу жол берилген масса катарында чыгарган ишкана белгилейт. Бир курамга кирген транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу массаларынын суммасы транспорт каражаттарынын курамынын, башкача айтканда бир бүтүн катары чиркелишкен жана кыймылдагы курамдын уруксат берилген максималдуу массасы катары каралат.

 

"Жөнгө салуучу" - тиешелүү күбөлүгү жана кийими (формалык кийими же айырмалоочу белгиси - колуна оролгон чүпөрөгү, жезли, кызыл сигналы же жарык чыгаргычы бар дискасы, кызыл фонары же желекчеси) бар ички иштер органынын, аскер автоинспекциясынын, жол-эксплуатациялоо кызматынын кызматкери, темир жол өткөөлүндөгү, сал өткөөлүндөгү кезметчи, кошуундун адамы, ички иштер органынын штаттан тышкаркы кызматкери.

 

"Рельсте жүрүүчү транспорт каражат" - трамвай жана трамвайдын жолу менен жүрүүчү атайын жабдуулуу платформалар. Жол кыймылына катышкан бардык башка транспорт каражаттар рельсте жүрбөөчүлөр деп эсептелет.

 

"Коопсуздук куру" - жол-транспорт кырсыгында айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттын ичиндеги өз орундарында кармоого арналган ийкемдүү тасма.

 

"Токтоп туруу" - жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү менен байланышпаган себептер боюнча транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөттөн ашык убакытка атайылап токтотуу.

 

"Жарыкты чагылдыргыч" - жарык нурларды чагылдыргыч, ал тийген жарыктын нурларын келген багытын карай чагылдырганы менен айырмаланат.

 

"Светофор" - жол кыймылын жөнгө салууга арналган жарык менен сигнал берүүчү түзүлүш.

 

"Транспорт каражат" - адамдарды жана (же) жүктөрдү ташууга арналган түзүлүш.

 

"Такси" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, "Такси" деген таануучу белгиси бар транспорт каражаттар. Таанылуучу "Такси" белгиси "Т" деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат.

 

"Сутканын караңгы мезгили" - кеч күүгүмдөн таңкы күүгүмгө чейинки убакыттын аралыгы.

 

"Тоннель" - транспорт каражаттарды, сууну ж.б. өткөрүү үчүн арналган, жер катмарынын, тоо массивинин же суу катмарынын астынан өтүүчү жер алдындагы инженердик курулма.

 

"Тормоздук жол" - шашылыш тормоз берген учурда транспорт каражат тормоздук системанын башкаруу органына (педаль, сап) таасир эткенден баштап ал толук токтогонго чейинки аралык.

 

"Тротуар" - жолдун элементи, ал жөө адамдар басышы үчүн арналган жана жүрүүчү бөлүккө кошулуп же андан газон менен бөлүнүп турат.

 

"Жол берүү (тоскоолдук түзбөө)" - эгерде кайсы бир жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, улантууга же кыймыл багытын өзгөртүүгө болгон аракеттери ага караганда салыштырмалуу артыкчылыгы бар башка жол кыймылынын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, ал жол кыймылынын катышуучусуна жогорудагыдай аракеттерди жасоого болбой тургандыгын билдирүүчү талап.

 

"Жол кыймылынын катышуучусу" - айдоочу, жөө адам, транспорт каражаттын жүргүнчүсү, малды айдоочу катары кыймылдын процессине түздөн-түз катышкан адам.

 

"Көчө" - калктуу конуштун ичиндеги шаардык автомобиль жүрүүчү жол.

 

"Айдоочунун чарчашы" - транспорт каражатты башкаруу убагындагы иштин натыйжасында көңүл коюунун азайышынан, кыймыл-аракеттин координациясы бузулушунан, уйку басуудан көрүнгөн организмдин физиологиялык абалы.

 

"Транспорт каражаттын экологиялык коопсуздугу" - транспорт каражаттын айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуучу касиеттери.

 

"Эстакада" - кесилишкен жерде бир жол экинчи жолдун үстүнөн өткөндө транспорт каражаттардын жана (же) жөө адамдардын жүрүшү үчүн арналган, ошондой эле бош эмес жерлерди же транспорттордун агымын айланып өтүү үчүн жердин деңгээлинен жогору турган жол жасоого арналган инженердик курулма.

 

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1.3. Жол кыймылынын катышуучулары Эрежелердин өздөрүнө тиешеси бар талаптарын, светофорлордун сигналдарын, белгилерди жана чийиндерди билүүгө жана сактоого, ошондой эле жөнгө салуучуларга берилген укуктардын чектеринде иш жүргүзгөн жана жол кыймылын белгиленген сигналдар менен жөнгө салган бул адамдардын буйруктарын аткарууга милдеттүү.

 

1.4. Жолдордо транспорт каражаттарынын оң тараптуу кыймылы белгиленген.

 

1.5. Жол кыймылынын катышуучулары кыймыл үчүн коркунуч түзбөгүдөй жана зыян келтирбегидей түрдө жүрүүгө тийиш.

 

Жолдордун кыртышына зыян келтирүүгө жана аны булгоого, жол белгилерин, светофорлорду жана кыймылды уюштуруунун башка техникалык каражаттарын алып салууга, тосууга, өз алдынча орнотууга, кыймылга тоскоолдук кылуучу буюмдарды жолго таштоого тыюу салынат. Тоскоолдук түзгөн адам аны четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө, ал эми бул мүмкүн болбосо, коркунуч жөнүндө мүмкүн болгон каражаттар менен кыймылдын катышуучуларын маалымдоону камсыз кылууга жана милицияга кабарлоого милдеттүү.

 

1.6. Эрежелерди бузган адамдар колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.