Тышкы жарык приборлорун колдонуу

19.1. Караңгы учурда жана айлана жакшы көрүнбөгөн шартта жолдогу жарыктарга карабастан, ошондой эле тоннелдерде жүрүп келаткан транспорт каражатында төмөнкүдөй жарык приборлор күйгүзүлүүгө тийиш:

бардык механикалык транспорт каражаттарында жана мопеддерде - жакын же алыс жарык берүү фаралары, велосипеддерде - фаралар же фонарлар, арабаларда - фонарлар (эгерде алар бар болсо);

чиркегичтерде - габарит жарыктары.

19.2. Алыс жарык төмөнкүдөй учурларда жакын жарыкка которулууга тийиш:

калктуу пункттарда, эгерде жол жарык болсо;

кайчылаш келатканда транспорт каражатына чейин 150 метрден жакын калганда, ошондой эле андан алыс аралыкта, эгерде мунун зарыл экендигин каршы келаткан транспорт каражаты фараларды мезгил-мезгили менен өчүрүп-күйгүзүп көрсөтсө;

каршы келаткан, ошондой эле удаа бараткан транспорт каражаттарынын айдоочуларынын көзүн уялтуу мүмкүнчүлүгүн четтетүү үчүн ар кандай башка учурларда.

Көзү уялып кеткен учурда айдоочу авариялык жарык сигнализациясын күйгүзүүгө жана жүрүп келаткан тилкесин өзгөртпөстөн ылдамдыкты азайтууга жана токтоого тийиш.

19.3.Караңгыда жолдун жарыгы жок участкаларына токтогон же токтоп турган учурда, ошондой эле айлана жакшы көрүнбөгөн шартта транспорт каражатында габарит жарыктары күйүп турууга тийиш. Айлана жакшы көрүнбөгөн шартта габарит жарыктарына кошумча түрдө жакын жарыктын фаралары, туманга каршы фаралар жана арткы туманга каршы фаралар жана арткы туманга каршы фонарлар күйгүзүлүүгө тийиш.

19.4. Туманга каршы фаралар төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн:

айлана жакшы көрүнбөгөн шартта өзүнчө, ошондой эле фаралардын жакын же алыс жарыктары менен бирге;

караңгыда жолдун жарыгы жок участкаларында фаралардын жакын же алыс жарыктары менен бирдикте;

Эрежелердин 19.6-пунктунда каралган шарттарда фаралардын жакын жарыгынын ордуна.

19.5. Күндүз жүрүп баратканда жылып келаткан транспорт каражатын белгилөө үчүн фаралардын жакын жарыгы төмөнкүчө күйгүзүлүшү мүмкүн:

мотоциклдерде жана мопеддерде;

уюшулган транспорт колоннасында баратканда;

кыймылдын негизги агымына каршы багытта атайын бөлүнгөн тилке боюнча бараткан маршруттагы транспорт каражаттарында;

автобустарда же жүк ташуучу автомобилдерде балдардын тобун уюшуп ташыганда;

коркунучтуу ири габариттүү жана өтө оор жүктөрдү ташыганда;

механикалык транспорт каражаттарын сүйрөгөндө (сүйрөп келаткан транспорт каражатында).

19.6. Прожектор - фараны жана издөө-фарасын каршы багытта транспорт каражаттары жокто калктуу конуштардан тышкаркы жерде гана пайдаланууга уруксат берилет. Калктуу конуштарда мындай фараларды оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кызматтык тапшырманы аткаруу учурунда гана колдоно алат.

19.7. Туманга каршы арткы фонарлар айлана жакшы көрүнбөгөн шартта гана колдонулат. Туманга каршы арткы фонарларды стоп-сигналдарга кошууга тыюу салынат.

19.8. "Автопоезд" деген таануу белгиси автопоезд жүрүп баратканда, ал эми түнкүсүн жана айлана жакшы көрүнбөгөн шартта ал токтогондо же токтоп турганда да күйүп турууга тийиш.

19.9. Озуп өтүү жөнүндө эскертүү үчүн үн чыгаруучу сигналдын ордуна (же аны менен бирге) үн чыгаруучу сигнал берилиши мүмкүн, ал күндүзү фаралардын жарыгын кыска мөөнөттүү күйгүзүп-өчүрүүнү, ал эми түнкүсүн - фараларды жакын жарыктан алыс жарыкка бир нече жолу которууну билдирет.

19.10. Калктуу конуштардын сыртта сутканын жарык мезгилинде бардык механикалык транспорт каражаттарда жүрүү фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүү менен ишке ашырылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)