Турак-жай зоналарындагы кыймыл

17.1. Турак-жай зонасында, башкача айтканда кире бериши же чыга бериши 5.38 жана 5.50-белгилери менен көрсөтүлгөн аймакта жөө адамдар тротуар боюнча да, жүрүүчү бөлүк боюнча да басышына уруксат берилет. Турак-жай зонасында жөө адамдар артыкчылыкка ээ, бирок алар транспорт каражаттарынын кыймылына негизсиз тоскоолдук кылууга тийиш эмес.

17.2. Турак-жай зонасында 10 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүрүүгө, аркылуу өтүүгө, үйрөнүү үчүн айдоого, иштеп жаткан кыймылдаткычы менен токтоп турууга, ошондой эле атайын бөлүнгөн жана белгилер жана (же) чийиндер менен белгиленгенден башка жерлерде уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автомобилдер токтоп турушуна тыюу салынат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

17.3. Турак-жай зонасынан чыгып келатканда айдоочулар кыймылдын башка катышуучуларына жол берүүгө тийиш.

17.4. Бул бөлүмдүн талаптары короо аймактарына да жайылтылат.