Автомагистралдар аркылуу кыймыл

16.1. Автомагистралдарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

жөө адамдардын, бакма малдын, велосипеддердин, мопеддердин, тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын, техникалык мүнөздөмөсү боюнча же алардын абалы боюнча ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган башка транспорт каражаттарынын кыймылына;

уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдердин экинчи тилкеден ары өтүшүнө;

5.15 же 6.11-белгилери менен көрсөтүлгөн токтоп туруу үчүн атайын аянтчалардан башка жерге токтоого;

бөлүп туруучу тилкенин технологиялык ажырымында артка кайрылууга же ага кирүүгө;

артка карай айдоого;

окуу иретинде жүрүүгө.

16.2. Жүрүүчү бөлүккө аргасыздан токтоп калган учурда айдоочу транспорт каражатын Эрежелердин 7-бөлүгүнүн талаптарына ылайык белгилөөгө жана аны бул үчүн арналган тилкеге (жүрүүчү бөлүктүн четин билдирген сызыктан оңго) чыгаруу үчүн чара көрүүгө тийиш.

16.3. Бул бөлүмдүн талаптары 5.3 белгиси менен көрсөтүлгөн жолдорго да жайылтылат.