Кесилиштерден өтүү

13.1. Оңго же солго бурулганда айдоочу өзү бурулуп жаткан жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн өтүп жаткан жөө адамдарга, ошондой эле аны велосипед жолдору боюнча кесип өткөн велосипедчендерге жол берүүгө тийиш.

13.2. Эгерде айдоочуну токтоого мажбурлап, туурасынан кеткен багыттагы транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзгөн топтолуу пайда болсо кесилишке чыгууга же жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүгө тыюу салынат.

13.3. Кезектүүлүк светофордун же жөнгө салуучунун сигналы менен аныкталган кесилиш жөнгө салынуучу кесилиш деп эсептелет.

Иштебеген светофордун сары сигналы күйүп-өчүп турганда же жөнгө салуучу жок болгон учурда кесилиш жөнгө салынбаган кесилиш деп эсептелет жана айдоочулар жөнгө салынбаган кесилиштен өтүү эрежелерин жана кесилиште орнотулган артыкчылык белгилерин жетекчиликке алууга тийиш.

Кесилиштерден транспорт каражат менен солго бурулуп өтүүдө же солго бурулуп артка кайрылууда, транспорт агымдарын бөлүп туруучу 1.1. жол бетиндеги чийин бар бир багытта жүрүүчү көчөлөрдөн башкасында кесилиштин борбору транспорт каражаттан оң жакта калууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

Жөнгө салынуучу кесилиштер

13.4. Светофордун жашыл сигналы боюнча солго бурулган же артка кайрылган учурда рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу каршы багытта түз же оңго бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү. Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул эрежени жетекчиликке алууга тийиш.

Эки же андан көп тилке бар болсо утурлаш келаткан транспорт каражаттардын бир багытка бир учурда бурулушуна уруксат берилет.

13.5. Светофордун сары же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө айдоочу башка багыттарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

13.6. Эгерде светофордун же жөнгө салуучунун сигналдары бир эле учурда трамвайга жана рельсасыз транспорт каражаттарына жүрүүгө уруксат берсе, өзүнүн кыймылынын багытына карабастан трамвай артыкчылыкка ээ болот. Бирок светофордун сары же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө трамвай башка багыттарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

13.7. Светофордун уруксат берген сигналынын учурунда кесилишке чыккан айдоочу кесилиштен чыккандан кийинки светофордун сигналдарына карабастан белгиленген багытта кетүүгө тийиш. Бирок, айдоочу бараткан жолдо жайгашкан светофордун алдындагы кесилиште стоп-линия (5.33. белгиси) бар болсо, айдоочу ар бир светофордун сигналын жетекчиликке алууга тийиш.

13.8. Светофордун уруксат берген сигналы күйгөн учурда айдоочу кесилиштеги кыймылын актап жаткан транспорт каражаттарына жана бул багыттагы жүрүүчү бөлүктөн өтүп бүтө элек жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүү.

Жөнгө салынбаган кесилиштер

13.9. Теңдеш мааниде эмес жолдордун кесилишинде экинчи даражадагы жолдо келаткан транспорт каражатынын айдоочусу башкы жолдо келаткан транспорт каражаттарынын андан аркы кыймылынын багытына карабастан аларга жол берүүгө тийиш.

13.10. Теңдеш маанидеги жолдордун кесилишинде рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу оң жактан келаткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү. Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул эрежени жетекчиликке алууга тийиш.

Мындай кесилиштерде трамвай өзүнүн кыймылынын багытына карабастан рельсасыз транспорт каражаттарынын алдында артыкчылыкка ээ болот.

Бирдей маанидеги жолдордун кесилишине ар тараптан бир нече транспорт каражат бир убакта келгенде айдоочулардын бири кесилиштен биринчи болуп өтүү жөнүндө ниетин башкаларына үн сигналы же башкача ыкма менен эскертүүгө тийиш, андан кийин калган айдоочулар бир маанидеги жолдордун кесилишинен өтүүнүн эрежесин өз ара колдонууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

13.11. Башкы жол кесилиште багытын өзгөрткөн учурда башкы жолдо келаткан айдоочулар өз ара теңдеш маанидеги жолдордун кесилишинен өтүү эрежелерин жетекчиликке алууга тийиш. Экинчи даражадагы жолдо келаткан айдоочулар да ушул эрежелерди жетекчиликке алууга тийиш.

13.12. Солго бурулганда же артка кайрылганда рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу теңдеш маанидеги жолдо каршы багытта түз же оңго бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү. Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул эрежени жетекчиликке алууга тийиш.

13.13. Эгерде айдоочу жолго төшөлгөн нерсе бар экендигин аныктай албаса (караңгы учур, ылай, кар жана ушул сыяктуулар), ал эми артыкчылык белгиси жок болсо, ал экинчи даражадагы жолдомун деп эсептөөгө тийиш.