Озуп өтүү, кайчы өтүү

11.1. Озуп өтүүдөн мурда айдоочу:

ал чыгууга ниеттенип жаткан кыймыл тилкеси озуп өтүү үчүн жетиштүү аралыкта бош экендигине жана бул маневр менен кары багытта келаткан жана бул тилке боюнча бараткан транспорт каражаттарына тоскоолдук түзбөй тургандыгына;

ушул эле тилкеде артта келаткан транспорт каражаты озо баштабагандыгына, ал эми алдыда бараткан транспорт каражаты озуп өтүү, солго бурулуу (башка тилкеге өтүү) жөнүндө сигнал бергендигине;

озуп өткөндөн кийин ал артта калып жаткан транспорт каражатына тоскоолдук кылбастан мурда ээлеген тилкесине кайрыла аларына;

калктуу конуштан тышкары жерде озуп өтүү ниети жөнүндө башка айдоочуларга эскертүү үчүн үн сигналын берүүгө жол бериле тургандыгына ынанууга тийиш.

11.2. Рельсасыз транспорт каражатын сол жагынан гана озуп өтүүгө болот. Айдоочусу солго бурулуу сигналын берип жана маневр жасоого киришкен транспорт каражатын оң тарабынан озуп өтүү керек.

11.3. Озгондо артта калып жаткан транспорт каражатынын айдоочусуна кыймылдын ылдамдыгын жогорулатууга же башка аракеттери менен озууга тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

11.4. Озуп өткөндөн кийин (буга оң тараптан уруксат берилген озуп өтүү кирбейт) айдоочу мурда ээлеген кыймыл тилкесине кайтып келүүгө милдеттүү. Бирок тиешелүү багытта жүрүү үчүн эки жана андан ашык тилке болгон учурда озуп бараткан айдоочу Эрежелердин 9.4-пунктуна ылайык, эгерде мурда ээлеген тилкесине кайра кайтып келгенде дароо кайрадан озууга туура келсе жана эгерде ал артында кыйла жогорку ылдамдыкта келаткан транспорт каражаттарына тоскоолдук кылбаса, сол тилкеде кала алат.

11.5. Озуп өтүүгө төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:

жөнгө салынуучу кесилиштерде каршы багыттагы кыймыл тилкесине чыгуу менен жана башкы жол болуп саналбаган жолдо баратып жөнгө салынбаган кесилиште (буга айланма кыймылдагы кесилиштердеги озуп өтүү, капталдагы чиркегичи болбогон эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын озуп өтүү жана уруксат берилген оң тараптан озуу кирбейт);

жөө адам өткөөлдөрүндө жөө адамдар бар болгондо ал жерде;

темир жол өткөөлдөрүндө жана ага жетпей 100 метрден жакын жерде;

озуп же айланып өтүп бараткан транспорт каражатын;

секинин башында жана жолдордун көрүнүшү чектелүү болгон каршы багыттагы тилкесине чыккан башка участкаларында;

артында жарык бергич маягы (кызгылт сары жана сарыдан башка) жандырылган транспорт каражат келаткан транспорт каражаттардын колоннасын.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

11.6. Калктуу конуштардан тышкаркы жерлерде жай жүргөн же ири габариттүү транспорт каражатынын айдоочусу бул транспорт каражатынан озуп өтүү татаал болгон учурларда мүмкүн болушунча оңго жылууга, ал эми зарылчылык болгон учурда өзүнүн артында топтолгон транспорт каражаттарын өткөрүп жиберүү токтоого тийиш.

11.7. Эгерде кайчы өтүү татаалданган болсо, өзү тарабында тоскоолдук турган айдоочу жол берүүгө тийиш. 1.13. жана 1.14. белгилери менен көрсөтүлгөн жантык жерлерде тоскоолдук бар болгон учурда төмөн карай бараткан транспорт каражатынын айдоочусу жол берүүгө тийиш.

(*) Бул жерде жана мындан ары таануу белгилери Негизги жоболорго ылайык көрсөтүлгөн