ЖТК аткарыуучу тартиби

Жол кырсыгы! Эмне кылуу керек?

  • транспорттук каражатты ордунан жылдырбай токтотуп, авариялык белги жарыгын күйгүзүп, авариялык токтотуу белгисин ( кызыл өң жанган) коюу керек, эреженин 7.2 пунктунун талабына ылайык, кырсыкка байланышкан заттарды аралыштырбоо керек.

  • жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшоо жана тез жардам кызматын чакыруу. Өзгөчө кырдаалдар учурунда мүмкүн болсо өздүк автотранспорт менен жабыр тарткандарды жакын жердеги медициналык мекемелерге жеткирип каттоого өзүнүн фамилясын атын айтып, ошону менен эле катар автоунаанын тийиштүү документтерин ( айдоочулук күбөлүктү, транспортту каттоо күбөлүгүн) көрсөтүп, окуя болгон жерге кайра келүү.

  • башка траспорттордун өтүүсүнө шарт түзүү. Жарбыркагандарды өздүк транспорт менен же дарылоо мекемесинин транспортун жеткирүүдө өтүүчү бөлүгүн бошотуу убагында күбөлөрдүн катышуусу менен транспорт каражатын, кырсыкка байланышкан заттардын изин сактоого бардык чараларды көрүү.

  • болгон окуя тууралуу ички иштер органдарына билдирип, күбөлөрдүн фамилиясын, дарегин жазып алып, ички иштер органдарынын келишин күтүү. Жол трансторттук кырсыгы болгон жерден үн сигналын берүүгө уруксаат берилет.

Эгерде жабыркагандар жок болсо

Жол траспорттук кырсыгынын натыйжасында жабыркагандар болбосо, өзүнүн макулдугу менен болгон кырсыктын болжолдуу схемасын чийип, кол коюп, жакынкы МАИ постунуна же милиция кызматкерлерине барып, кырсыкты каттатуу керек.