Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында Жайыл районунда рейд өткөрүштү

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында рейд жүргүзүшүп, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүштү

Жогорудагы рейд Чүй облустук ЖКККБгы тарабынан 2018-жылдын 7-февраль күнү саат 10:00дон кечки 18.00 чейин өткөрүлгөн. Иш-чаранын негизги максаты район аймагында болуп жаткан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу, болтурбоо жана жол кыймылынын катышуучуларынын арасында одоно жол бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүү.

Аталган рейддик иш-чаранын алкагында район аймагында жалпы жонунан жол эрежесин бузган 178 факты аныкталса, анын ичинен мас абалда автоунаа башкарган 2 айдоочу кармалып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Ал эми, 31 айдоочуга автоунааларын жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы, 1 айдоочуга унааны мамлекеттик номуру жок башкаргандыгы, 2 айдоочуга унаанын терезелерин караңгылатып башкаргандыгы, 18 айдоочуга тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн, ошондой эле, андан башка жол кыймылынын эрежелерин бузган 125 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 28 автоунаа атайын айып төлөнүүчү аянтчаларга токтотулду.