Ачык сабак уюштуруп өткөрүлдү

2018-жылдын   24-январында   Бишкек   ШИИБинин   ЖКККБнын   штабынын кызматкерлери   жол-трансорт   кырсыктарын   алдын   алуу   жана   балдардын жолдон жаракат   алуусун   азайтуу  максатында   Бишкек   шаарынын   №81   орто vмектебинин 1-класстын окуучуларына ачык сабак уюштурулуп  өткөрүлдү.




ЖКККБнын кызматкерлери   окуучуларга   жол коопсуздугун  камсыз кылуу жана   жол   пайдалануучулардын  милдеттери,   ошондой   эле  тил   жана   түшүнүктөр менен жөнгө салуучу эрежелери менен тааныштырып, жолдо жөө жүргүнучүнүн жана айдоочулардын ортосунда өз ара аракеттенүү мааниси жөнүндө   ачык сабак өткөрүштү.



КРнын ЖКККББнын басма сөз кызматы