ИИМдин ЖКККББнын башчысы кооптуу жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолугушту

2018-жылдын 18-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Канат Джумагазиев кооптуу жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулар менен жолугушту. Бул иш-чара кооптуу жүк ташыган айдоочулар катышкан жол-транспорттук кырсыктарына байланыштуу ЖКККББнын демилгеси менен уюштурулду.


Аталган жыйынга "Газпромнефть Азия” , “Транс Азия”, “Роснефть”, “Шнос”, “Москва”, “Эльнур”», “Томас”, “ИнтерГаз”, “НурГаз” ЖКЧларынын инжинердик-техникалык кызматкерлеринин жетекчилери катышты. 




ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Канат Джумагазиев ЖЧКлардын жетекчилерине кайрылып, алардын жүк ташуудагы ылдамдыктарын жана эс алуу убактыларын сактоого чакырды. Канат Джумагазиев жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири жүк ташуучу айдоочулардын уйкусунун канбагандыгы жана автоунаанын текникалык мүчүлүктөрү себеп болгондугун жана ЖКККББнын кызматкерлери тийиштүү документтерди сураарын эскертти.




ЖЧКлардын жетекчилиги өз кезегинде Бишкек-Ош жолундагы негизги көйгөйлөрдү билдиришти. Алардын сөзүнө караганда Бишкек-Ош автоунаа жолу жол кыймылынын коопсуздунун талаптарына жооп бербегендигин жана атайын техникалардын кар көчкүну  убагында тазалабагандыгы себеп болуп жаткандыгын айтышты. Ошондой эле Көк-Бел жана Ала-Бел өткөрмө пунктарында ЖККББнын кызматкерлерин көбөйтүү менен күнү-түнү кызмат кылышын суранып өтүштү. 


Жыйынтыгында ИИМдин ЖКККББнын башчысы жетекчилерге кооптуу жүк ташуудагы эрежелерди, талаптарды жана ылдамдыкты сактоосуна көнүл бурушун айтып, айдоочуларды кызыктырган суроолорго жооп берип, кеңеш берди. 


ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы