ЖКККББнын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары түштүк аймактарга жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

    2018-жылдын 17-январь күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жол-көзөмөлдөө кызматынын башкармалыгынын башчысы, Бишкек шаары, Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча ЖКККБнын башчылары түштүк аймактарга жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

    Жолугушуу учурунда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланып, ошондой эле, ылдамдык тартибинин жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын так аткарууну эскертишти. Андан сырткары, жаш өспүрүмдөрдүн жол кырсыгына кабылуусун алдын алуу боюнча маселелерге токтолушту. Бөлүмдөрдүн башчылары айдоочулар тарабынан берилген сууроолорго жооп беришти. Айдоочулар менен жолугушуу маалында ЖКККББнын өкүлдөрү жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар жол тартибин сакташы тууралуу маселелерди козгошуп, жол кыймылынын эрежелерин так аткарбагандыктан коомдук маршруттук таксилердин жол-транспорттук кырсыкка көп учурап жатышкандыгын эскертип кетишти. Ушундай иш-чараларды ар дайым өткөрүп туруу керек. Анткени, айдоочулар ар бир жүргүнчүнүн ден соолугуна жана өмүрүнүн коопсуздугуна жоопкерчиликтүү болуп эсептелет.




    Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын башчысы Ш. Бопонов шаардан сырткары айдаган айдоочуларга өзгөчө көңүл буруп, тыныгуу графигинин талаптарын аткаруукеректигин баса белгиледи. Себеби, кардарлардын айынан чарчаганына карабай,уктабастан же эс албастан түштүк аймактарга жүргүнчүлөрдү тыныгуусуз ташышат.

    Ошондой эле, автоунааларды токтотуучу жайлар тууралуу суроолор берилип, үй-бүлөөлөрүн багуу үчүн жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар ар кайсы тарапта турбастан, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн автобекеттин аймагында такталган жерлерди аныктап берүүсүн суранышты. Бирок, азыркы учурда айдоочулар каалаган жерлерде токтоп турушуп, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенүүшүдө.


    ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы