КРнын ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери Ош базарынын айланасында рейд өткөрдү

2018-жылы 15-16 январында КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан шаарлар аралык жолдордо такси автоунааларды контролдоо боюнча рейддик иш чара өттү.Рейддин максаты шаарлар аралык жолдордо жүргүнчүлөрдү ташуучу таксинин катышуусу менен болгон жолкырсыгын алдын алуу.

Ош базарынын айланасындагы шаар аралык таксилердин айдоочулары өз автоунааларын туура эмес токтотушат. Мында тыюу салуу белгилерине баш ийбөөсу менен тыгындарды жана авриалык кырдаалдарды жаратып келет.

Ош базарында токтоо жана туура эмес токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 200дөн ашуун административдик протоколдор түзүлгөн. Айдоочулар жана шаарлар аралык таксистер менен иш графигин так сактоо менен транспорт каражаттарын техникалык кароодон жана участоктордун дайындалган аймактарында гана турууга мүмкүн экендиги жөнүндө түшүндүрүү иши өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, 210 административдик протокол түзүлгөн, анын ичинде 4 факт техникалык бузук транспорт каражатын пайдалануу боюнча. Токтотуу жана паркинг эрежелерин бузгандыгы үчүн 15 автоунаа эвакуцияланган.

Бул багыттагы иш чара улантылат.