Бишкек шаарынын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан, жол эрежесин одоно бузган жаран административдик жазага тартылды.

Бишкек шаарынын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, 2018-жылдын 6-январь күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек шаарындагы Шабдан Баатыр көчөсүндө “Хонда-Одисей” үлгүсүндөгү авто унаасынын айдоочусу 30-жаштагы М.Ж. аттуу айым алдына жаш баласын алып отуруп, унаа башкарып жол эрежесин одоно бузган.

Айдоочу айым Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 235-беренесинин 5-бөлүгүнүн негизинде административдик жоопкерчиликке тартылды.