ИИМдин ЖКККББ: Бишкек шаарында туура эмес токтоткон автоунааларды эвакуациялоо башталды

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 568-1 беренесине ылайык “Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу” ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги “Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды атайын унаа токтотуучу жайларына жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында “Портал групп” ЖЧКсы жеңүүчү аталган.


“Портал групп” ЖЧКсы эвакуациялоого мажбур болгон автотранспорт каражатын жеткирүүну колго алат. “АЮ Гарант” ЖЧКсы жана “Портал групп” ЖЧКсы бекитилген камсыздандыруу полисине ылайык транспортту көчүрүүдө мүлккө зыян келтирилсе “АЮ Гарант” ЖЧКсы жана “Портал групп” ЖЧКсы (камсыздандыруучу компаниясы тарабынан) унаа ээсине келтирилген чыгымды төлөп берет.


Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББсы айдоочулар унааларын талапка жооп бербеген жерге токтоткон учурда эвакуацияланарын эскертет. Автоунаалар 7.21 “Эвакуатор”» жол белгиси коюлган жерлерде эвакуация кылынат. Белгилер унаа жолдун көйгөй жараткан тилкелерине, соода борборлорунун жанына, транспорт каражаттарынын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерге коюлат. Маалыматта белгиленгендей, эвакуацияланган унааларды ташууга жана сактоого кеткен чыгым административдик эреже бузган жаран тарабынан төлөнөт. Унаа ээлери эвакуациланган учурда 1350 сом төлөйт.