Түп району ЖКККБы кызматкерлери жөө адамды сүзүп кеткен айдоочуну изи сууй электе кармады.

2018-жылдын 8-март күнү болжол менен 19.35 чамасында, белгисиз айдоочу, белгисиз унаа менен Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 166-чакырымынан, Ой-Булак айылынын, ушул эле айылдын 55 жаштагы тургуну А.Ж-ны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болгон. 


Жол кырсыгы Тюп райондук ИИБда катталып, чогултулган иш-кагаздары райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ыкчам изөө иштеринин негизин дерайондук ЖКККБнын жана ИИБы кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай “Лада-212140 Нива-Тайга”  унаасы кармалып, унаа жана айдоочусу 37-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.А. Түп райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлуп берилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.