Москва району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери окуучуларга жол эрежелери боюнча сабак өтүштү

Москва району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери 2018-жылдын 9-марткүнү ар бир мектептердин окуучуларына жол эрежелери боюнча сабак өтүштү.

Сабак учурунда окуучуларга жол чырактар, жол белгилер, жолдон өтүүдө жөө жүргүнчүлөрдүн милдеттери жана жол кыймылынын эрежелери тууралуу түшүндүрмөлөрдү беришти. Андан соң, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери  жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр командасы менен бирге  Беловодск шаарчасынын көчөлөрүндө жөө жүргүнчүлөргө жолдон туура өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүштү.


Бул иш чара – жол кырсыктарын алдын алуу максатында уюштурулуп, улуу жана кичүү муунду жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үндөө үчүн өткөрүлдү.