Ош ОИИБы боюнча ЖКККБму тарабынан Ош облусунун аймагында профилактикалык рейддер өткөрүлдү

Ош ОИИБы боюнча ЖКККБму тарабынан Ош облусунун аймагында 2018-жылдын 20-28-февраль күндөрү жолтранспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында "Ролдо", "Түнкү автоунаа", "Кызматтык автоунаа", "Чиновник" жана "Көңүл бургула, балдар!" аталыштагы алдын алуу профилактикалык рейддери уюштурулуп өткөрүлдү.

Рейд убагында жалпы жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардын саны - 2642 түздү.  Рулду мас абалда башкарган айдоочулар - 56.

ЖКККБнун убактылуу айып короосуна токтотулган автоунаалар -116. Автоунаалардын алдынкы айнегин карангылатып айдап жүргөн айдоочулар - 4. Тийиштүү документтери жок рулду башкарган айдоочулар - 28. Кууп өтүү эрежелерин бузган айдоочулар - 468. Мамлекеттик белгиси жок автоунааны башкаргандар - 6.Өлчөмүндөгү ылдамдыкты ашырган айдоочулар - 477. Андан сырткары мамлекеттик кызматтарда иштеген 16 айдоочу кызматтык автоунааларды дем алыш күндөрү башкарып жүргөндөрү аныкталды.