Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Франциядан Кыргызстанга 7000 километр жол жүрүп келген Эийшэимер Жулинеге жардам көрсөтүштү


Кыргызстанга III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген франциялык турист Жулине жергиликтүү элдин тилин билбей, аталган оюндардын ачылыш аземине билет сатып алуу, Чолпон-Ата шаарынан жатакана табуу боюнча бир топ убара тарткан. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери Жулинеге жатакана табууга жана Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатып алууга жардам беришти.

Ал эми Жулине Кыргызстандын жарандары боорукер, меймандос келишерин баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирген.