Нарын облусу Билим күнүнө карата акцияга кошулду

Нарын облусу  боюнча ЖКККБнын башчысы Жакыпов Жумабек  жол кырсыктарын алдын алуу, окуу жылынын башталышына карата жаш өспүрүмдөр  арасында жол кырсыктарын болтурбоо максатында облустун аймагындагы автобус, кичи автобус жана таксилердин бригадирлери, жол тейлөө ишканалардын башчылары жана айдоочулар менен  жыйналыш өткөрдү.

 Жолугушууда 1-сентябрь Билим күнүнө карата Нарын облусунда коомдук трансорпт каражаттары мектеп окуучуларын акысыз ташыйт.

  Мындай акция жүргүнчү балдарга көңүл буруу жана коопсуздук камкорду көрсөтүүгө багытталган.