Урматтуу коноктор жана Ысык-Көл облусунун тургундары!

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ  биздин республиканын конокторуна жана тургундарына эскертет,  2018-жылдын 2-сентябрнан 8- сентябрна чейин Чолпон-Ата шаарында, Булан- Сөгөтү айылында жана “Кырчын” жайлоосунда  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт.

 Ошол себептен, 2018-жылдын 30- августунан  9- сентябрна  чейин «Балыкчы-Ананьево-Каракол»  унаа жолунда  чоң жүк ташуучу транспорт каражатарына, автобус жана кичи автобустарга  ошондой эле  айыл чарба техникаларына жана  коркунучтуу жүк  ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр киригизилет.

Альтернативдүү айланып өтүүчү жолдор каралган, ал Чолпон-Ата шаарынын 81 ден  83,9 км чакырымында( түндүк альтернативдүү  айланып өтүүчү жолдун  узундугу 3700 км түзөт)  Балыкчы-Каракол негизги  жолун айланып өтөт.

 Ошондой эле Балыкчы шаарынан Ысык-Көл районунун Семеновка айылына чейинки унаа жолундагы унаа каражаттарын токтотуучу жайлар алынат.

 Ошондой эле ЖКККББ маалымдайт, 1- сентябрдан 9- сентябрга чейин Семеногвка айылынан  “Кырчын” жайлоосундагы Этно шаарга чейин бир тараптуу жол кыймыл уюштурулат.

“Кырчын” жайлоосундагы Этно шаардан чыккан унаа каражаты Григорьевка капчыгайын айланып өтөт.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ унаа каражатын башкарган айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин сактоосун суранат жана унаа токтотучуу жайдын эреженсин бузса, башка жол транспорт каражаттарына тоскоолдук жаратса, сиздин унааңыз көчүрүлөт же башка административдик жол бөлүмдөрүнө которулаарын эскертет.