ЖКККБнын кызматкерин сүзгөн айдоочу убактылуу кармоочу жайга кармалып, кылмыш иши козголду


2018-жылдын 9-августунда болжол менен 11:30  Жалал-Абад облусу боюнча ЖКККБнын инспектору милицияныцн старшинасы Асанов А «Опель Астра» үлгүсүндөгү автоунаасынын жол  кыймылында туура эмес  келе жатканын байкаган.
Инспектор токтотуу кыймылын көрсөткөн. Бул  учурда айдоочу  токтоп, кайра кызматкерди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Ошол  эле күнү ыкчам- издөө жүргүзүүдө - 38 жаштагы Сузак районунун тургуну Талгат С кармалган.  Алкоголдук ичимдигин текшерүүдө, айдоочу мас абалда экендиги аныкталган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө бөлүмү чакырылып, Асанов облустук травмотология бөлүмүнө жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Бул тууралуу  Жалал-Абад облусунун ИИБ, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза-кодексинин 341 беренесинин 1 пункту “ Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” боюнча кылмыш ишин козголгон. Айдоочу  Жалал-Абад ШИИББнын убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милицияныны старшинасы Асанов А ички иштер органында 2011-жылдан тарта кызмат өтөөдө. Эки баланын тарбиялап, ички иштер органында мыкты кызмат  өтөгөндүгү үчүн сыйлыктарга ээ.
Асанов А азыркы учурда ооруканада.