III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун карата жол кыймылында убактылуу чектөөлөр киргизилет

  Урматтуу Ысык-Көл облусунун меймандары жана жашоочулары! Кыргыз Республикасынын  ИИМдин ЖКККББ келген меймандарына жана жашоочуларына  алдына ала эскеретет,  2018-жылдын 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Чолпон-ата шаарындагы Булан-Сөгөттү айылында жана “Кырчын” жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлөт.  Ошол себептен  «Балыкчы-Ананьево-Каракол»  унаа жолунда  жүк ташуучу унааларга, оор транспорт каражаттарына, автобустарга жана жана кичиавтобустарга  ошондой эле  айыл-чарба техникаларына жана коркунучтуу жүк ташыган унааларына жол кыймылында  чектөөлөр киргизилет. Кошумча маалымат катары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүп жаткан учурда айланып өтүүчү жол Чолпон-Ата шаарынан 81ден 83,9 км чакырымында (жолдун түндүк узундугу3,700 км чакырымды түзөт) Балыкчы-Каракол негизги жолун айланып өтүү каралган.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ  жергиликтүү калктан убактылуу  ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөт жана транспорт каражатынын айдоочуларынын-алдына ала «Балыкчы - Боконбаева- Каракол»  түштүк жээгин бойлото кете турган жолун пландаштырып алсын.