Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү" аталыштагы конкурс өткөрүлдү

Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 19-апрель күнү Нарын шаарынын мектептер арасында "Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү" аталыштагы конкурс өткөрүлдү. Конкурска жалпы 8 команда катышып, 1- орун "Виктория" командасы М.Сыдыков жана "Свисток" командасы А.Сыдыков, 2-орун Чкалов, 3-орун Т.Сатылганов атындагы орто мектептер жеңишке жетишип, белектер менен сыйланышты.