ЖКККБнын кызматкерлери Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө үгүт-насаат иш- чарасын өткөрдү

 ЖКККБнын Бишкек ШИИБнин кызматкерлери 3 август күнү “Жайкы эс алуу” жана “Көңүл бургула балдар!” аталышындагы үгүт-насаат иш чарасынын алкагында   ата-энеси   жана кароосуз калган балдар жайгашкан Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө болушту.

Балдар менен жол кыймылынын эрежелери,жол белгилери жана текөөчүнүн кыймыл аракеттерин көрсөтүп  окуу үгүт-насаат иш-чарасын өткөрүштү.

“ Жол кыймылынын жаш катышуучулары жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон туура өтүү боюнча жерге боор менен сүрөт тартты, сүрөт тартуу  балдарга жол кыймылынын эрежелерин жана жол өзүн алып жүрүү маданиятына чакырат  ” -, деди  Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын  башкы штабынын башкы инспектору милициянын лейтенанты Адилет Кыдыралиев

 Жолгушууда балдар көптөгөн  жакшы сезидерди жана таттуу белектерди алышты. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоого сөз беришти.