КР ИИМдин ЖКККББы электрондук протокол түзүү боюнча тиркемени тестирлөөдөн өткөрүүдө.

КыргызРеспубликасынын ИИМдин ЖКККББы планшет аркылуу электрондук протокол түзүү жолун тестирлөөдөн өткөрүүдө. Азыркы учурда Бишкек шаарында 5 планшет менен тестирлөө өткөрүлүп жатат. Кагаз бетине түшүрүлгөн административдик протоколдорду толтуруу үчүн көп убакыт сарпталат, ошондуктан айдоочу менен кызматкердин ортосундагы катнашты жоюу максатында, айдоочулук күбөлүктөрдү албоо жолу менен электрондук протокол түзүү жолдору тестирлөөдөн өтүүдө. Мындай тестирлөөнү республиканын башка аймактарында дагы текшерүүдөн өткөрүп, электондук протокол түзүү жолуна өтүүнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ишке ашырып жатат.