Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери облус аймагында “Абайла балдар!”, “Жүргүнчү”, “Ылдамдык” аталышындагы иш-чараларды өткөрүүдө


Адам өмүрлөрүн алып, оор жаракаттарга алып келүүчү жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери облус аймагынын баардык райондорунда “Абайла балдар!”, “Жүргүнчү”, “Ылдамдык” аталышындагы иш чараларды өткөрүүдө.
2018-жылдын 10-апрель күнүнөн тарта Чүй облусунун ЖКККБнын тескөөчүлөрү эртең менен, түштө, кечинде мектептердин жанынан өтүүчү жолдордо күзөтүн күчөтүүдө,ошондой эле мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабак өтүп,мугалимдер жана ата-энелер менен жолугуп түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
Ушундай эле түшүндүрүү иштери эл ташуучу унаалардын айдоочулары менен аялдамаларда жана авто бекеттерде өткөрүлүүдө. Мындан тышкары тескөөчүлөр ылдамдыкты ченөөчү радарлардын жардамы менен ылдамдыкты сактабаган айдоочуларга чара көрүү маалында, ылдамдыкты сактабагандан келип чыккан жол кырсыктарынын оор кесепетери тууралу айтып, түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы жол кыймылынын катышуучуларына эрежелерди сактап, жол кырсыгына учурабай аман жүрүүсүн тилеп, жол коопсуздук көйгөйүн жалгыз милиция кызматы эмес жалпы коомчулук менен биргеликте киришсе чечиле тургандыгын эскертет.