Жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып салынды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын техникалык жактан көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган коомдук транспорттордун айдоочуларын административдик жоопкерчиликке тартышты. Коомдук транспорттун айдоочулары жүргүнчүлөрдү уруксат берилбеген жерлерде түшүрүп, алардын ден-соолугунун  жана өмүрүнүн коопсуздугун сакташкан эмес.

ИИМдин ЖКККББнын техникалык жактан көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар Кыргыз Республикасынын административдик  жоопкерчилик кодексинин 235-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылышып, ушундай көрүнүштөгү  мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

  •  1977-жылы туулган Ниязалиев Мирлан-№7 троллейбустун айдоочусу, “Бишкек транспорттук башкармалыгы” мунипицилдык ишканасы;
  •  1975-жылы туулган Романов Бахтияр-№102 маршруттун айдоочусу, “Лига” Бишкек автотранспорттук ишканасы;
  •  1968-жылы туулган Асанов Сталбек-№7 автобустун айдоочусу, “Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы” мунипицилдык ишканасы
  •  1981-жылы туулган Жапаркулов Талантбек-№128 маршруттунайдоочусу, ЖЧК “Ак-Жолтой” .