ЖКККББ: Төрт айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

ЖКККББ: Төрт айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун жетектөөсү менен жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда  төрт ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жайкы туристтик мезгилге даярдануу  боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.


Жыл башынын тартып,  өлкө аймагында 372миң 246 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик буджетке 170млн  075миң 395сом өндүрүлгөн.


Алардын ичинен:


-Мас абалында унаа башкарган 4миң 836 айдоочу;

-Автоээнбаштык жасаган 143 айдоочу;

-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 5миң 807 айдоочу;

-Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар 21миң 330 факты;

-Терезелерин караңгылаткан 1044 айдоочу;

-Жол белгилерине баш ийбеген 189миң 323 айдоочу;

-Башка жол эрежелерин бузган  54миң 936 айдоочу.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 31миң 690 унаа айып короо жайына токтотулган.


Кеңешменин  соңунда ЖКККББнын жетекчиси  орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле  өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар талап-тапшырмаларды койду.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.