ЖКККББ: Жыл башынан тартып, жол кырсыгынан көз жумгандардын саны 24,1 пайызга азайды.

ЖКККББ: Жыл башынан тартып, жол кырсыгынан көз жумгандардын саны 24,1 пайызга азайды.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы тарабынан өлкө аймагында катталып жаткан жол кырсыктарына карата ар дайым талдоо жүргүзүлүп келет. Талдоонун жыйынтыгы менен катталып жаткан жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.


Алсак, 2024-жылдын 1-январынан тартып, 17-мартына чейин, өлкө аймагында 1173 жол унаа кырсыгы катталып, 1673 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 82 жаран көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу  жаракат алган жарандардын саны 8,5  пайызга,  көз жумган жарандардын саны 24,1 пайызга азайган.


Ал эми жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктары жыл башынан тартып, 245 жолу катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 15,2 пайызга, жаракат алгандардын саны 23,5 пайызга, ал эми жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга азайган.


ЖКККББнын кызматкерлери жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик жана профилактикалык иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет.



ЖКККББнын басма сөз кызматы.