ЖКККББ: Жаңы жыл майрамы учурунда автобекеттеги такси айдоочуларга жол кире акысын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт.

ЖКККББ: Жаңы жыл майрамы учурунда автобекеттеги  такси айдоочуларга жол кире акысын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Исраиловдун жетектөөсү менен жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусу менен жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана келе жаткан жаңы жыл майрамы  учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо,  жана  автобекеттердеги  алыскы аймактарга каттаган айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  багытында онлайн кеңешме өткөрүлдү.

Онлайн кеңешмеде  ЖКККББнын башчысы  Азамат Исраилов жалпы жол унаа кырсыктарынын  алдын алуу, жаңы жылдык майрам күндөрү  жогорку окуу жайдын студенттери эс алууга  чыгышып, айылдарына барып, автобекеттерде  алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп, ал эми аларды ташыган такси айдоочулары ошол учурдан  пайдаланып, жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алуулары ыктымалдыгын айтып, андай фактыларга жол бербөө жана жаңы жыл  майрамы күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча коомдук транспортторду даярдоо тапшырмаларын койду.

Мындан сырткары жаңы жыл майрамына  карата жарандардын коопсуздугу үчүн, спирт ичимдигин ичип алып, ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында жер-жерлерде рейддик иш-чараларды уюштуруу тапшырмаларын коюп, бул күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгиледи.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.