ЖКККББ: Алдын ала маалыматтар боюнча өлкө аймагында бир жумада 13 миң 967жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

ЖКККББ: Алдын ала маалыматтар боюнча өлкө аймагында бир жумада 13 миң 967жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Кыргызстандын аймагында 11нен 17-декабрга чейинки аралыкта 13 миң 967 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Маалыматка ылайык, анын ичинде мас абалында унаа башкарган 230 учур катталган.

Андан тышкары:

тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 195;
автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 35;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 980;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 428;
авто ээнбаштык — 19;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 138;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 939.
Ошондой эле, ар кандай жол эрежесин бузган 1 миң 358 автоунаа убактылуу айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.