ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ СҮЗҮП КЕТКЕН «АУДИ 100» УНААНЫН АЙДООЧУСУ ИЗИ СУУЙ ЭЛЕКТЕ КАРМАЛДЫ

Токмок шаарында «Ауди 100» унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жөө адамды сүзүп кетип, изин жашырып качып кеткен. Окуя кечээ, 18-январда болжол менен саат 8:00 чамасында Шамсин жана Ключевая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жабырлануучу ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Милиция кызматкерлери изи сууй электе 62 жаштагы айдоочуну А.Н. кармашты, ал Токмок шаарынын тургуну экендиги белгилүү болду.

Учурда айдоочу Токмок ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаасы айып короого токтотулду.