Кулактандыруу!!!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кадрлар  резервин түзүү үчүн конкурс жарыяланат.

Конкурска  төмөнкү конкурсанттар катыша алат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) Жарандык жаштардын катарынан талапкерлер болууга шарт:

Укук коргоо органдарынын кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына - 30 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат.

орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына 35 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат.

3)  Соттолбогону тууралуу тактама;

4)  Кенже жетектөөчү курамга «А, А1, В, В1, С, С1, D, D1.» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш;

5)  орто жана улук жетектөөчү курамга «В, В1, С, С1.» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш, саптык бөлүктөгү курамдар үчүн  «А, А1, D, D1» категориялары болуу  тийиш; 

6)  Ротанын командири жана анын орун басарларына, взводдун командирлерине «А, А1, В, В1, С, С1» категориясы камтыган айдоочулук күбөлүгү барларга, кошумча «D, D1» категориясы артыкчылыкка ээ; 

7)  Орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, ошондой эле катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына  жогорку билимдүү болуусу керек;

8)  Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек.

Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

- жеке арызын;

- кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкета;

- өмүр баяны, 2 нускада (өз колу менен жазылган жана басылган);

- өмүр баяны тууралуу реферат 4-барактан кем болбогон (өз колу менен жазылган жана басылган);

- тийиштүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтердин, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандардан тышкары);

- аскердик билетинин көчүрмөсү (эркектер үчүн түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт);

- паспортунун (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- «А, А1, В, В1, С, С1, D, D1» уруксат берүүчү категориялары бар айдоочулук  күбөлүгүнүн  көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт )

- балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;

- укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-врачтык комиссиясынын корутундусу;

- үчтөн кем эмес сунуш кат же мүнөздөмө (кошуналардан);

- сүрөт 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана) арткы түсү көк.

-милициянын участкалык уполномоченныйынан тактама

-криминалдык милиция кызматынан тактама

-акыркы иштеген же окуган жеринен мүнөздөмө

- даректик тактама

 

Маалымат иретинде төмөндөгүнү маалымдайбыз: 

Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу тартипте кабыл алынат. Ошондой эле, жазыктык иш же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүү же айыпталуучу болуп саналган адамдар да укук коргоо органдарына кызматка талапкер боло албайт. Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 25–декабрь күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Сынакка катышууга документтерди Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Кадрлар бөлүмү тарабынан Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү байланышы:  +996 312 63-02-53, +996 312 63-12-75.