Айрым жол кыймылынын эрежелери жана аларды бузгандык үчүн каралган жоопкерчилик жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын укуктук чара көрүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, тактап айтканда, планшет колдонуп, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун өз убагында төлөнгөндүгүн текшерүү максатында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы, "АйТи-Сервис" мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы менен биргеликте  атайын тиркемени иштеп чыгышкан. Аталган тиркеме ИИМдин ЖКККББнын башкармалыгынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жер-жерлерде жол кыймылын көзөмөлгө алууда айдоочулардын буга чейинки эреже бузууларын жеринде текшерүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин бузган бирок буга чейин төлөбөй жүргөн айдоочуларды аныктоого мүмкүндүк берген, бузуулардын бирдиктүү реестринде катталган бузуулардын көчмө электрондук тиркемесин ишке киргизди.  Тиркеме “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында сүрөткө жана видеотасмага тартылган бузууларды гана эмес, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери (ЖКК) тарабынан кол менен түзүлгөн бузулар жөнүндө протоколду текшерүүгө мүнкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык унаа транспортторунун айдоочуларына эгерде аларда жол эрежесин бузгандыгы үчүн түзүлгөн протоколдордун айып төлөөдө карыздар болуп калса, айыпты төлөп коюга чакырат.