Ошто кайгуул милициясынын бош кызматтык бош орундарына талапкерлерди алуу боюнча сынактын экинчи туру уланууда

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун Жарлыгын, протоколдук тапшырмаларын аткаруунун негизинде “Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону уюштуруунун айрым маселелери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө жетекчилик курамдын бош кызмат орундарына алуу үчүн сынакты өткөрүүнүн тартиби жөнүндө инструкция” буйругун ишке ашыруу максатында Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызмат орундарына жарыяланган сынактын биринчи этабы өткөн. Анда Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө 219 орунга 497 талапкер арыздарын таштаса, анын ичинен 233 милиционер, 264 жөнөкөй жарандар болушат. Биринчи турда 129 талапкер ийгиликтүү өткөн (59 милиция кызматкери, 70 жарандар).

1-турду ийгиликтүү өткөндөр Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен 1-сентябрдан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунда 3 айлык курстук окуудан өтүшүүдө. Окуу программасы өзүнө кылмыш-жазык укугун, психологияны, куралдан атуу жана физикалык даярдыктарды, жол кыймылынын эрежелерин жана жол кыймылын кол менен жөнгө салууну үйрөтүүнү камтыйт. Окууну аяктаганда экзамендерди тапшырып, сертификаттарды алышат. Бул кызматкерлерди Ош шаарынын тургундары 2020-жылдын декабрь айынан баштап көрө башташат.

2020-жылдын 22-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Нур Сатыбалдиев окуу жайга барып, угуучулар менен жолукту. Нур Рысканович талапкерлерге өлкө башчысынын жана ички иштер министрлигинин жетекчилигинин талаптарын жеткирди. Окуунун сапаттуулугуна, ички иштер органдарынын ченемдик-укуктук актыларын тереңдеп окутууга, жалпысынан алганда билимдерин жогорулатууга өзгөчө көнүл буруу керектигин эскертти. Угуучуларды өздөрүнө ыйгарылып берилген милдеттерине жана көрсөтүлгөн ишенимге жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын буйругу менен 2020-жылдын 17-сентябрь күнүнөн баштап 90 штаттык бирдикке кызматкерлерди алуу боюнча сынактын экинчи туру өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күнү арыздарын жана билдирмелерин 29 талапкер тапшырып, анын ичинен 9 ИИОнун кызматкери, 20 мурда ички иштер органдарында иштебеген жарандар тапшырышкан. Арыздарды жана билдирмелерди кабыл алуу 17-октябрга чейин уланат.

Ички иштер органдарына биринчи жолу кызмат өтөөнү көздөгөн жарандар менен ИИОдо жана укук коргоо органдарында мурда кызмат өтөгөндөр төмөнкү документтерди тапшыруулары керек:

- Арыз;

- паспорт жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

- аскердик билет;

- эмгек күбөлүгү;

- тиешелүү билимин тастыктаган документ;

- Балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (эгер бар болсо), никеси бар тууралуу күбөлүк (никеге турган болсо);

- өмүр баян - 2 нускамада (колго жазылган жана электрондук түрдө);

- автобиографиялык реферат;

- анкета;

- Иш ордунан, окуу жайынан же жашаган жеринен мүнөздөмө;

- Пикирлер, сунуштама;

- жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу тактама;

- фото 9x12 (1 бирдик) 3x4 (4 бирдик).

Сынакка катышуу үчүн документтерди тапшыруудан мурда бардык талапкерлер кызмат орундары боюнча кызматка даярдыгын тастыктаган аскердик-дарыгердик комиссиядан күбөлөндүрмөдөн өтүүлөрү зарыл.