Бейтаптарды ооруканаларга жеткирген ыктыярчылар үчүн COVID-19 пандемиясы учурунда катталган мыйзам бузууларды кароонун тартиби

КР ИИМдин ЖКККББ "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекси тарабынан катталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө токтомдор транспорт каражатынын ээсине карата автоматтык түрдө түзүлүп жаткандыгын билдирет. Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодексинин талаптарына ылайык, жарандарга карата бузуулар жөнүндөгү токтом чыгарылып, жеткирилген күндөн тартып 10 күндүн ичинде, эгерде макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат менен кайрыла алышат. Өтүнүч катты жеке өзү тапшырса болот, почта аркылуу же интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу жөнөтсө болот.

Ыйгарым укуктуу орган бузууларды негизинен кароо үчүн колдо болгон материалдар (документтер) жетиштүүбү же жокпу текшерип, ишти кароонун убактысын жана ордун белгилөө жөнүндө чечим кабыл алат.

Өтүнүч катты карап чыгуу үчүн төмөнкү материалдар (документтер) тиркелиши керек:

- транспорт каражатынын ээсинин паспортунун көчүрмөсү, ал эми ээси жок болгон учурда, транспорт каражатын башкарган адамдын паспортунун көчүрмөсү;

         - транспорт каражатын башкарган адамдын айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

         - транспорт каражатын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (техпаспорт);

         - бузуулар фактысын алып салууга байланыштуу башка материалдар.

2020-жылдын 8-сентябрына карата КР ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг жүргүзүү борборуна «COVID-19» пандемиясы учурунда жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопко тартуу жөнүндө токтом алган жарандардан жана уюмдардан жалпы 617 токтомду жокко чыгаруу өтүнүч каты менен 48 кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча КР ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг жүргүзүү борбору төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алды:

-жокко чыгарылды - 99 токтом;

         -жокко чыгарууга негиз жок болгондуктан, 145 токтом күчүндө калтырылды;

         -кароого талап кылынган материалдардын (документтердин) жоктугунан 215 токтом боюнча 3 кайрылуу кароосуз калтырылды;

         -өндүрүштө 158 токтом боюнча 8 кайрылуу бар.

         Кароого алынбай калган жамааттык кайрылуулардын демилгечилерине токтомго белгиленген тартипте даттануу үчүн материалдарды (документтерди) берүү зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү жооптор жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасында пандемиянын жайылышы учурунда ыктыярдуу кыймылдын калкка жардам көрсөтүүдөгү ролунун социалдык маанисин эске алып, аппараттык-программалык комплекси аркылуу автоматтык режимде катталган бузуулар боюнча өндүрүштү токтотуунун мыйзамдуу укуктарын жана негиздерин тактоо максатында, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларды толук жана ар тараптуу карап чыгуу, ЖКККББ демилгеси менен 2020-жылдын 8-сентябрында КР ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг жүргүзүү борборунун комиссиясы ыктыярдуу кыймылдардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышып жаткандарга ар тараптуу жооптор берилди, ошондой эле кароонун тартиби жана материалдарды (документтерди) берүү зарылдыгы түшүндүрүлдү, ансыз токтомдорду кайра карап чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келет.

         КР ИИМдин ЖКККББ жогоруда көрсөтүлгөн керектүү документтер (көчүрмөлөрү: унаа ээсинин паспорту, ал эми ээси жок болгон учурда, транспорт каражатын башкарган адамдын паспортунун көчүрмөсү; айдоочулук күбөлүгү жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү) берилгенде, бузуулар жөнүндө чыгарылган токтомдор боюнча бардык өтүнүчтөр каралат деп билдирет. Ушуга байланыштуу, ал документтердин көчүрмөлөрүн кайрылуулар менен кошо берүүнү өтүнөт.