Баткен облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан балдардын коопсуздугун камсыздашууда.

Бүгүн 1-сентябрь 2020-2021-окуу жылынын башталгандыгына байланыштуу  2020- жылдын 20-августунан 20-сентябрына чейинки аралыктагы бир айлык "Көнүл бургула балдар!", "Салам мектебим" аталышындагы рейддин жүрүшүндө Баткен облусунун аймагындагы мектептерге, окуучулардын жол эрежелерин так сактап, өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан 1-класска келген окуучулар  жана ата-энелер арасында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул аралыкта ЖККБнын кызматкерлери мектеп окуучуларынын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин уюштуруп, күн сайын эрте менен окуу башталганга чейин автоунаа жолдорунун четтерине курулган мектептердин алдында мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында жол четинде жол коопсуздугун көзөмөлдөп турушат.

Урматтуу Ата-энелер! Балдар сиздердин көчөдөгү маданиятуулугуңүз жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо менен балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калууда зор салымыңыздарды кошосуздар!