Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы «MegaCom» компаниясы менен биргеликте, жолдогу жол кырсыктарын азайтуу максатында «MegaDrive» социалдык акцияны уюштуруп жатышат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «MegaCom» компаниясынын колдоосу менен «MegaDrive» акциясын Mega24 сунушу менен 2020-жылдынг 16-июнь күнүнөн 15-октябрына чейин созулат, ал бүткүл Кыргызстан боюнча жүргүзүлөт. Бул иш - чаранын негизги шарты-жол кыймылынын эрежелерин бузбоо.

Бул социалдык акция «Коопсуз шаар» долбоорун колдоого багытталган жана республиканын аймагындагы жолдордогу коопсуздукту камсыз кылууну бекемдөө, - айдоочуларлар арасында жол кыймылынын эрежелерин так сактоого үгүттөө.

Бүгүн 16-июнь күнү «MegaCom» компаниянын башкы кеңсесинде ЖАК «Альфа Телеком» башкы директору Акылбек Жамангулов жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов биргелешкен акция алкагында кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Акцияга катышуу үчүн эмне зарыл экендигин билүү маанилүү?

•   Mega24 тиркеми менен (Google Play и App Store) кошумча жүктөө;

• «MegaDrive» баракчасында «Акции» бөлүмүнө катталуу («MegaCom» компаниянын обаненти болууга тийиш);

•    Акциянын шарттарында каралган тапшырмаларды аткаруу;

•  «Изумруд баллдарын» топтоо (чегерилген баллдардын саны ар бир тапшырма үчүн жекече аныкталган) жана  аларды гигабайты жана мүнөттөргө же «MegaCom» компаниясы тарабынан даярдалган баалу белектерге алмаштыр.

«Коопсуз шаар» камераларында жана жол эрежелерин бузуу катталбашы керек, «Акции» бөлүмүнө катталган катышуучулардын жол эреже бузбагандыгын ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан ар дайым текшерилип турат (ар бир күн колдонмого барып, сыйлык алуу үчүн жетиштүү). Автосүйүүчүлөр издөө жана QR-көчүрмөсү боюнча кызыктуу сунуштар, наклейкалар жана башка учурлары көп болот, бонустук программалар да аткаруу үчүн сунушталат.

«Изумруд баллын» акциясына катышып баллдарды чогултуп баалу белектерге алмаштыр, «Байгелер дүкөнү» бөлүмүндө «Акция Mega Drive» Mega24 баракчасында алардын тизмеси боюнча сунуштамасы менен таанышууга болот.

Андан тышкары «MegaCom» компаниянын өнөктөштөрүнөн байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк бар компаниянын кардарлары Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Акциянын катышуучулары үчүн, транспорт каражаттарынын дөнгөлөктөрү, транспорт каражаттарынын матор майлары, транспорт каражаттарынын ички салондорун өзгөртүү, транспорт каражатын химиялык тазалоо, сервис диагностикалары жана башка көптөгөн баалу белектер күтөт.

Биргелешкен аракеттер өлкөнүн жолдорунда жол транспорт кырсыктарынын төмөндөшүнө алып келет деп ишенебиз.

Акцияга катышып, белектерди алыңыз!