Милициянын кайгуул кызматын региондордо түзүү иштери жүрүп жатат

2020-2021-жылдары милициянын кайгуул кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүн түзүү боюнча иш-мерчемди аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы “Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугунда кээбир маселелерди уюштуруу жөнүндө” токтомунун 3- пунктун ишке ашыруу максатында, ыкчам чараларды көрүү, эффективдүүлүктү жогорулатуу ишин аткарууга иш мерчем бекитилди.
Милициянын кайгуул кызматы түзүмүн 2020-2021-жылдары уюштуруу боюнча иш-мерчемди аткарууда, Ош, Баткен, Ыссык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Чуй облустарынын шаардарында, ошондой эле Чүй ОИИББы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым взводторунда жана Ысык-Көл ОИИБы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн взводунда курамдын штаттык санын аныктоо максатындаКР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты.

Учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ички иштер башкы башкармалык-Ички иштер башкармалыктардын Кайгуул күзөт кызматтарын бириктирүүдө курамдын штаттык саны такталды. ИИМ тарабынан “Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо ИИМдин Жол кымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматы түзүмдөрүнүн нускамасын бекитүү жөнүндө” жаңыланган ведмстволук акт иштелип чыгып кабыл алынды. Мына милициянын кайгуул кызматы түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин тапшырмалары, укуктары жана милдеттери, кызмат өтөө жана башка ИИО түзүмдөрү менен иштешүү ыкмалары аныкталды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы түзүмүнүн айрымалануучу төш белгиси киргизилүүдө. Милициянын кайгуул кызматына өтүүдө, арыздары кабыл алууда ачык шарттар түзүлүп, сынакка катышам деген жараандар үчүн квалификациялык талаптар бекитилди.
Милициянын кайгуул кызматы түзүмдөрүнүн сынактарын ачык жана объективдүү өткөрүү максатында сынактык комиссияга жараандык коомдун өкүлдөрү киргизилди. Милициянын кайгуул кызматына конкурстук тандоонун шарттары жана жүрүшү тууралу жараандарга кабар берүү камсыздалууда. ЖМКларда милициянын кайгуул кызматы түзүмдөрүнө сынактык тандоо боюнча кулактандыруу жана малыматтар байма бай жайгаштырылууда.
ИИМдин ведомстволук актысынын негизинде, сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерди ок атуу, атайын тактикалык даярдыктар, атайын жана байланыш техникаларын колдонуунуну үйрөтүү максатында кайра даярдоо боюнча окуу-методикалык иш-мерчемдер бекитилди.
Милициянын кайгуул кызматынын ишмердүүлүгү “Коопсуз шаар” долборундагы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борбору менен тыгыз байланышта. Жол кыймылынын жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо, бузуулар, жоруктар, кылмыштарга оперативдүү чара көрүүдө жаңы түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынада паракорчулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында баардык матералдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо каралууда. Милициянын кайгуул кызматы түзүмдөрүн компьютердик техникалар менен толук жабдылышы кызматкерлерге онлайн режимде унаалар жөнүндө малымат алууга, бузууларды, кылмыштарды жана издөөдөгү унааларды аныктоого чоң мүмкүнчүлүк берет.