ИИМДИН ЖКККББНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ НАРЫН ШААРЫНДА ИЛДЕТТИ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ АЛЫП БАРЫШУУДА

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун Нарын шаарында COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылып кетишине жол бербөө максатында, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана Нарын ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында 2020-жылдын 10-май күнүнөн баштап Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында, одоно жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы жана карантиндин шарттарын аткарбаган 35 айдоочуга бузуулар тууралу протоколдор түзүлдү, анын ичинен:
- спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган үчүн - 1 айдоочуга;
- унаанын алдыңкы жана маңдайкы айнекткерин карангылатып алып унаа башкарган – 2 айдоочуга;

- тийешелүү документтери жок унаа башкарган – 11 айдоочуга;

Бөлөк дагы башка жол кыймылынын эрежелерин бузган - 21 айдоочуга бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп, атайын унаа токтотулуучу короого 12 унаа токтотулду. Ошону менен бирге жүздөн ашык жараандарга карантиндин шарттарын сактоо, жеке коргонуучу жабдыктарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Нарын шаарындагы бирден бир эл көп топтолгон, илдеттин жугуп жана тарап кетишине кооптуу делген “Береке” базарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону ирээтке келтиришүүдө.