ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА “ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ” УЧУРУНДА ТАРТИП БУЗГАН АЙДООЧУЛАРГА ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮҮДӨ

Учурда, Ысык-Көл ОИИБы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери “Коронавирус” илдетинин кайрадан пайда болушуна жол бербөө, алдын алуу максатында өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.  

Балыкчы шаарындаАк-Кемежана Тоң районунун аймагындаКызыл-Омпол” 2 (эки) санитардык-карантиндик посттордо жана башка облус аймактарында 12 филтирациялык посттордо 1-2-нөөмөттө, күнү-түнү дебей, жалпысынан 33 кызматкер кызмат өтөөдө.

Ысык-Көл облусунун “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген аймактарда жашаган тамак-аш, медкаражат, кийим кече ж.б. күнүмдүк колдонулуучу товарларга өтө муктаж адамдарды камсыз кылуу үчүн ташылып келе жаткан автоунаалардын кыймылын посттордон тоскоолдуксуз өтүүсү камсыздалынууда. Ошондой эле турак жай-коммуналдык кызмат көрсөткөн компаниялардын, мекеме-ишканалардын автоунаалары, жазгы талаа жумуштарын жүргүзүп жаткан айыл чарба техникаларын, мал жандыктарына тоют ташыган автоунааларды да кызмат учурунда тоскоолдуксуз өткөрүү камсыздалууда.

Мындан тышкары облус аймагында жыйырма кызматкерден турган мобилдик топ “COVID-19” илдетин кайрадан пайда болуп, жайылып кетүүсүн алдын алуу, айдоочуларга жана унаа ичиндеги жүргүнчүлөргө өзгөчө кырдаал тартибинин талаптарын жеткирүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаал киргенден бери Ысык-Көл облусунун аймагында көчөлөрдө өткөрмө кагаздары же маршурттук баракчалары жок, максатсыз, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн автоунаа башкарып жүргөн унаалар текшерүүгө алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, талапка туура келбегендери атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалпысынан облустук жол көзөмөлчүлөр тарабынан ар кандай жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 1174 айдоочуга карата бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөң, алардын ичинде 50дөн ашыгы унааны алкоголдук ичимдик ичип алып унаа башкаргандар, баардык жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде чара көрүлүүдө. Облус аймагында жол кырсыктарынын саны үч эсе кыскарды.