Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун бир жыл бою аткарылган ишмердүүлүгү тууралу пресс-тур уюштурулду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун бир жыл бою аткарылган ишмердүүлүгү тууралу пресс-тур уюштурулду

2019-жылдын 4-марттан баштап республика боюнча “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу алкагында, жол эрежелерин бузууларды бекитүү үчүн аппараттык-программалык комплексттер иштеп баштады.

I этап менен 110 аппараттык программалык комплексттер, 90 стационардык, 20 кыймылдап жүрүүчү АПКлар коюлган:

38 Бишкек шаарынын жол кесилиштеринде;

4 ылдам жүрүүчү жерлерде жана көпүрөөлөрдүн алдында;

48 Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Эларалык «Манас»  аэропорту, Бишкек – чек аралык өтүүчү пункту «Ак-Жол» жол тилкелерине коюлган.

2020-жылдын 26-февраль күнүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун кызматкерлери 1 032 673 жол эрежесин бузгандыгы тууралуу токтом чыгарып 686 млн. мамлекеттик бюджетке 254 миң 650 сом түшкөн. Бул төлөнгөн сумма чыгарылган токтомдордун 57,2% гана түзөт, калган 42,8% төлөнбөгөндүгүнүн себеби унаа каражаттарынын ээлерине почта кызматкерлери аркылуу өз убагында жеткирилбегендиктен. Мисалга, баардык жеткирилген токтомдордун 36% түзсө, анын 76% төлөнгөн.

Мониторинг борборунун калк менен иштөө бөлүмү  96 миң 598 адамды кабыл алышып, түшүндүрүү иштерин алып барышкан. Бөлүмгө 37303 адам кайрылган, 100 кыска номуру менен 49245 адам, (0706630900) «WhatsApp» номуру аркылуу 10миң 50 СМС кайрылуу катталган.

Долбоордун ишке киришинен тартып Чүй облустук жана Бишкек шаардык соттору аркылуу  107 иш каралган. Анын ичинен (Октябрь райондук соту -94, Свердлов райондук соту -4, Ленин райондук соту-4, Ыссык-Ата райондук соту-4, Токмок шаардык соту-1), булардын ичинен 103 жол эрежесин бузуу боюнча токтом күчүнө калып, 4токтом жокко чыгарылган. Азыркы учурда сотто каралган иш жокко эсе.

Кыргыз Республикасынын ЖКККББнын Мониторинг борбору менен биргеликте, бир нече кылмыштар ачылган. Мисалга, уурулук боюнча 5 млн. сом алтын 12 миң доллар. (2019-жылдын апрель айында Жайыл районунан кылмышкерлер үйгө кирип, акча, алтын, кыймылсыз мүлккө тиешелүү болгон документтер катылган сейфти алып чыгып кетишкен).

- Бишкектеги өлтүрүлгөн бизнесмен Хуфур Абдурахемандын өлугүн табуу боюнча;

- Комсомол айылынын тургунунун өлүгүн аэропорттон табуу боюнча;

- Кант шаарынан 12 жашар баланы алып кетүүдө, кылмышкерди табууга Коопсуз шаар долбоорунун АПК жардам берген.