"Дасмия" авто мектебинин курсанттарына, алдын ала тез жардамга чейинки жардамын көрсөтүүдө, мыкты өздөштүргөн курсанттарга сертификаттар тапшырылды

Баарыбызга  маалым болгондой жол кырсыгы болгон учурда, мединцина кызматкерлери, ӨКМ куткаруучулары жана укук коргоо кызматкеринен биринчи кырсык оордунда жол кыймылынын катышуучулары, айдоочулар менен жүргүнчүлөрү биринчи күбөө болот. Ал эми алдын ала тез жардамга чейинки жардамынан кырсыктын катышуучуларынын өмүрү жана ден соолугу көз карады.  
    Жол кырсыктарын алдын алуу максатында, КР ИИМдин ЖКККББы, “Кызыл жарым ай” улуттук коому менен биргеликте, акыркы үч ай ичинде Бишкек шаарындагы авто мектептердин курсанттарын медицинага чейинки алгачкы жардам көрсөтүү боюнча курстарын өттү.
    Окуу курсуна өз ыктыяры менен 60 дан ашык курсат катышып, анын 31 толук курстан өтүп, КР ИИМдин ЖКККББы имаратында атайын тастыктамалардын ээси болушуту. Эми дал ушул адамдардын эртеңки күнү туура жардам берип, адам өмүрүн сактап калуу мүнкүнчүлүктөрү бар.
    Ал бетте эгер ар бир жол кыймылынын катышуучусу, айдоочулар, медицинага чейинки биринчи жардамды билип, жол кырсыгында же башка кырдаалдарда, атайын кызмат өкүлдөрү келгенге чейин алгачкы жардамды туура көрсөтүп,  бир адамдын өмүрүн сактап калса, бул кырсыктарда болуп жаткан адам өлүмүнүн санын кыскартууга чоң өбөлгө түзөөр беле.