Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “2019-жылдын мыктысы” наамына татышты

2019-жыл ичинде ички иштер органдарынынын жана ЖКККББнын аброюн көтөрүүгө зор салымын кошуп, элибиздин коопсуздугу үчүн ак кызматын татыктуу аркалай алган алдыӊкы кызматкерлер “2019-жылдын мыктысы” наамына татышты.
Өзүнүн кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө зор салым кошкондугу үчүн, 2019-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү боюнча өткөзүлгөн “Кесиби боюнча мыкты” сынагынын жыйынтыгынын негизинде төмөнкү кызматкерлер көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыгып мыкты наамына татыктуу болушкан.

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын борбордук аппаратынын мыкты кызматкери”, милициянын старшинасы Шаршенов Адилет Токторбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын адистештирилген ротасынын кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ш. ИИББы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери”, милициянын прапорщиги Өскөнбаев Алмаз Борисович, Бишкек ш. ИИББы боюнча ЖКККБнын ЖКК батальонунун 1-взводунун кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ш. ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери”, милициянын прапорщиги Жорготаев Элмурат Мелисбекович , Ош ШИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК ротасынын 1-взводунун кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Чүй областтык ИИББы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери”, милициянын прапорщиги Байбосунов Асылбек Джумадилович, Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын ЖКК батальонунун 3-взводунун кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери”, милициянын старшинасы Мамадалиев Жаныбек Мамажанович, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнүн Өзгөн РИИБү боюнча ЖКККБнүн кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Баткен областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери”, милициянын прапорщиги Кошоков Шухратжон Эгамович, Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК атайын түзүмүнүн кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери”, милициянын ага сержанты Айтмаматов Бексултан Абдимиталипович, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн Тогуз-Торо РИИБү боюнча ЖККБнүн кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Нарын областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери”, милициянын прапорщиги Рыскелдиев Улан Шаршенбекович, Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК саптык түзүмүнүн кенже инспектору;

- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Талас областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери”, милициянын прапорщиги Асанбеков Ажибай Кыштообаевич, Талас ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК саптык түзүмүнүн кенже инспектору;
- “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ысык-Көл областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери”, милициянын капитаны Жумагулов Таалайбек Бекболотович, Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнүн Ысык-Көл РИИБү боюнча ЖКККБнүн улук инспектору.
ЖКККББнын жетекчилик курамы мыкты наамына арзыган кызматкерлерди куттуктоо менен бирге өз кызматына терең берилгендиги үчүн, мамлекеттин коопсуздугун, эл коопсуздугун, жол коопсуздугун өз өмүрүнөн бийик көрүп ак ниет менен кызмат кылгандыгы үчүн, бул кызматкерледи ардак лентасы жана грамотасы, акчалай сыйлыктарды ыйгарышкан.