УРМАТТУУ ШААРЫБЫЗДЫН ТУРГУНДАРЫ ЖАНА КОНОКТОРУ!!!

2019-жылдын  27, 28-ноябрь күндөрү  Бишкек шаарында   Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Сессиясы  өтүүдө, бул жыйынга Жамааттык коопсуздук кеңешине мүчө-мамлекеттердин башчылары катышууда.

Эл аралык маанидеги иш-чаранын жүрүшүндө  Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилүүдө:

- «Манас» аэропортунан баштап Бишкек шаарына чейин;

- Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин;

- Чүй проспектиси, Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

- Жибек-Жолу проспектиси, Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине  чейин;

- Чүй  проспектиси, Манас проспектисинен Абдрахманова көчөсүнө чейин;

- Абдрахманова көчөсү менен Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен  Мамлекеттик резиденцияга чейин.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, убактылуу киргизилген чектөөлөргө  шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат. Жолдо жүрүү эрежерин бузбоого жана айдоочулук  маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

Жогорудагы көрсөтүлгөн жолдордун кесилиштеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, унаа каражаттарынын кыймылын, кол менен башкаруу ыкмалары менен  атайын коштоп жүрүү маршруттарды тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздайт, баардык транспорт каражаттары жол тескөөчүсүнүн кол менен башкаруу ыкмаларынын багытында жүрүшөт. Ошол учурда «Коопсуз шаар» камералары бузууларды каттабайт жана атайын коштоп жүрүү маршруттары өтүп кеткенден кийин камералар штаттык тартипте жол эрежелерин бузууларын каттоосун улантат.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана республиканын башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн жарандар, жогорудагы жолдорду айланып өткөн альтернативдүү жолдорду тандоого же коомдук транспорттор менен жүрүүнү пландоого чакырат.