Жол кыймыл эрежелеринин кээ бир бузууларына, айып өлчөмүнүн азайтылышы тууралуу мыйзам долбоору сунушталды

2019-жылы республика аймагында «Коопсуз шаар» долбоору жана «Бузуулар  Кодекстин» күчүнө кирип иштей баштаганынан тарта, коомчулукта айыптардын баасынын жогору болгондугу тууралу ар кандай пикир келишпестиктер жана суроолор берилип келди. Бул маселе коомчулук тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды.

Мына дал ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан коомчулуктун оюн эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Бузуулар Кодексинин” кээбир  беренелерине кошумча жана өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор сунушталды.

Буга байланыштуу, ушул мыйзам долбоору кабыл алынган болсо жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишеними жогорлооруна таасир этет, анын ичинде “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашырууда жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткарганга, коомдук коопсуздукту сактоого чоң түрткү берет, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларына тартипти сактоо боюнча жоопкерчилигинин деңгээлин жогорлотот.

Кошумча жана өзгөртүүлөр төмөнкү бузуларга киргизилип жол кыймылынын эрежелерин бузуу 3000 ( үч миң) сомдон,  1000 (миң) сом өлчөмүнө чейин азайтылышы күтүлүүдө:

-   Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

-    Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

-   коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

-   жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

-   каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

-   тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу.

Кыргыз Республикасынын министрликтердин жана ведомствалардын макулдашууларынан кийин, Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда кароодон өттү.