“Коопсуздук куру сиздин өмүрүңүздү сактайт!” акциясын өттү

2019-жылдын 16 октябрь күнү ЖКККББнын кызматкерлери  «Еаsst» уюмунун эксперт машыктыруучулары менен биргеликте №25 мектебинин 1-6 класстарынын окуучуларына практикалык сабактарды өткөрүштү, бул иш чаранын алкагында оюн зоок, конкурстар жана патрулдук авто унаанын ичинде практикалык көргөзмө уюштурулган, акциянын соңунда уюштуруучулар  ата-энелер менен маектешип, балдарды ташуудагы баардык коопсуздук эрежелерин сактоого чакыруу менен, жарык чагылдыруучу элементтерди тартуулашкан.
Мындан тышкаары 2019-жылдын 17 октябрь күнү «Еаsst» уюмунун эксперт машыктыруучулары Сергей Диакону, Татьяна Михайлова, “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен биргеликте, Бишкек шаардык ИИББнын ЖКККБ кызматкерлерине окутуу жана тажрыйба бөлүшүү семинарын өткөрүштү, бул семинардын жүрүшүндө коопсуздук курун колдонуу жана балдарды ташуудагы коопсуздук отургучтарын колдонуу туурасындагы видеоролик көрсөтүшкөн.
Өткөрүлгөн иш чаранын соңунда Бишкек шаарынын «Байтик-Баатыр  А.Масалиев» көчөлөрүнүн кесилишинде кызматкерлер, уюштуруучулар, волонтерлор менен биргеликте “Коопсуздук куру сиздин өмүрүңүздү сактайт!” аттуу акция жүргүзүшкөн, акциянын негизинде жол кыймылынын катышуучуларына “Коопсуздук курун колдонуу зарыл!”  деген чакырууну камтыган буклеттерди таратышкан.