ЖКККББ “Азия-Молл” соода боборунун аятчасында “Балдардын коопсуздугу, келечектин коопсуздугу!” аттуу акция өткөрүштү.

Келечек муундун сактыгы, амандыгы, тийиштүү деңгээлде өсүшү бүткүл коомдун милдети, андыктан жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырысыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы, “Азия-Молл” оюн зоок соода бобору,  “Жол коопсуздугу” коомук бирикмеси, “Карнавал шоу” аниматорлук топ менен биргеликте 2019 жылдын 5 октябрь күнү  “Азия-Молл” оюн зоок соода боборунун аятчасында “Балдардын коопсуздугу, келечектин коопсуздугу!” аттуу акция өткөрүштү. 
Бул акциянын алкагында жол эрежелери боюнча практикалык оюн зоок программалары, флэш-моб, ыр, бий коштолгон. Жол коопсуздугунун кызматкерлери эне аталар жана балдар менен биргелите жолдо өтүү боюнча ар кандай кырдаалдардын жаралуусун талкуулашты, мындан тышкаары эне аталарга балдарды транспортто ташуудагы коопсуздук отургучтарын колдонуу канчалык деңгээлде маанилүү  экендигин түшүндүрүшкөн. Бул акцияда баардык катышуучулары жолдо жүрүү эрежелери боюнча өз билимдерин кеңейте алышкан.
Мындан тышкаары баардык катышуучуларга жол коопсуздугунун эрежелерин камтыган эскертме баракчалары, буклеттер, коопсуздук курун көргөзгөн сүрөтү менен жарык берүүчү элементтер таратылды.
Акциянын жыйынтыгында уюштуруучулар баардык катышуучуларга терең ыразычылык билдирип, мындан ары жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.