ЖКККББ Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын жаңы кызматкерлери менен жол кыймылын кол менен жөнгө салуу боюнча сабактарды өткөрүүдө

Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат абалы күн сайын нускамадан башталат. Бул жерде кызматкерлер кылмышкерлерди издөө жөнүндө, дайынсыз жоголгон адамдар, уурдалган транспорт каражаттары тууралуу кошумча маалымат алышат. Учурда кызматкерлерге жол кыймылын жөнгө салуу эрежелерин үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Теориялык сабактардан кызматкерлер практикалык сабактарга өтүшүүдө.

Кесилиште иштеп жаткан тескөөчүлөр, жаш кызматкерлердин ишмердүүлүгүндө жол кыймылын жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Андан кийин кайчылаш жол кесилишине чогу чыгып, кесиптештери менен бирге жөнгө салышты.

Бүгүн окуу жылынын алгачкы күнүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылы эрежелерин жана жол кыймылынын катышуучуларына кол менен жөнгө салуу боюнча эрежелерин эскертти.

"Жөө адамдар арткы же тескөөчүнүн алдынан айланып өтүп кетиши мүмкүн, эгерде  колу менен жөнгө салуу четке кагылса, же колу түшүрүлгөн болсо же оң колу алдыга сунулган болсо, жөө жүргүнчү бир гана тескөөчүнүн артынан өтүүгө мүмкүн. Кол жогору көтөрүлгөн болсо, жөө жүрүүчүлөр үчүн ачык болуп саналат, бул учурда, тескөөчү кошумча кол менен кошумча көрсөтүп турат» - дейт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагери Муса Байзаков.

Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр жолдон өтүп жатканда тескөөчүнүн кол менен жөнгө салуу учурунда жол чырагынын түсүнө, жол сызыктарына карабастан тескөөчүнүн жол кыймылын кол менен жөнгө салуусуна көңүл буруулары тийиш.